Атыр

Википедия дан

Атыр — жыпар жыттуу заттардын спирттеги жана суу-спирт аралашмасындагы эритмеси; жыпар жыт берүүчү, тазалык жана сергитүү үчүн пайдаланылуучу суюктук. Атырды даярдоодо өсүмдүктөн, жаныбардан, химиялык сырьёлордон алынуучу накта жана жасалма жыпар жыттуу 300гө жакын ар түрдүү зат кошулат. Өсүмдүктөн алынуучу заттар - эфир майлары (буулантуудан алынуучу жана экстракт түрүндөгү) жыпар жыттуу зат (роза, кориандр, сандал), жасалма жыпар жыттуу зат (кориандр, сасафрас, анис) алууда сырьё, ошондой эле тундурма (пачули жалбырагы, кориандр уругу, эмен эңилчеги) катары пайдаланылат. Жаныбардан алынуучу заттар (амбра, цибет, мускус) тундурма түрүндө гана пайдаланылат. Жыпар жыттуу заттардын саны 15тен 60ка жетет. Сырьёнун түрүнө жараша жыпар жыттуу заттарды экстрагирлөө процесси бир нече сааттан 1 жылга созулат. Жыпар жыттуу заттарды толук бөлүү үчүн 2-3 ирет спирт менен иштетилет. Атыр жылчыксыз жабык аппаратта же цистернада даярдалат. Алар механикалык аралаштыргыч же насос менен жабдылып, айрым аппаратта барботер менен аралаштырылат. Атырдын айрым түрүнө боёочу заттардын суу кошулган эритмеси аралаштырылат. Даяр атыр ар кандай бөтөлкөчөлөргө вакуумдуу куйгуч машина менен куюлат жана жылчыксыз бекитилет, автомат менен текшерилет, жасалгаланат, кутуга салынат жана күн нурунан корголот. Пайдалануу мөөнөтү чыккан күндөн тартып 12 ай, «Экстра» тобундагылар 15 ай сакталат.[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. Даарат суу жыпар жыттуу айырмаланып. Текшерилген күнү 23 -ноябрь (жетинин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 28 -ноябрь (жетинин айы) 2020.