Ат коюу айтымы
Ат коюу айтымы – кыргыз элинин ырасымы боюнча бала төрөлгөндө сарымай менен оозантып, азан айтып, ат коёрдо айтылуучу каада-салт ыры. Муну даарат алып арууланган эркек киши бүт коңшу-колоңдорго угуза айткан да, төрөлгөн наристеге өзүнүн багыштаган, ыроологон атын сунуш кылган, ал ат кабыл алынабы, алынбайбы, анысына карабай, бир наамды берген. Ошол баланын азан чакыргандагы негизги аты катары түбөлүк энчиленген. Мисалы,
Алловакпар-алловакпар-алловакпар,
Баарында хак бар.
Алпейими баарын сактаар.
Теңирим давлат берди,
Ааламга адам келди.
Айыл-калаа сүйүнчү-үү!
Арыштар кадам келди-ии!
Кең пейилге даалат берди,
Касиети бассын жерди.
Көлөсү тапсын шерди,
Азан айтып атын коём.
Алла берген затын коём.
Теңсингенден Теңир берди,
Алакчылабай кеңир берди.
Уул болсо жоодон сактар,
Эне эмизген сүтүн актар.
Жерди айдап малын багар,
Атаандашпай данын табар.
Атасынын мээнет кайтар,
Алдына дулдул тартаар.
А кыз болсо – кырк жылкы,
Кийиз жасап үйүн жабар.
Энесинин ишин алаар,
Гүлдөй жайнап сайма саяр.
Уул бекен? Кыз бекен?
Ким болду экен?
Уул экен! Уул экен!
Уул бекен! Ким дейбиз атын?
Көрүнчү бачым!?
Анакей, отун келди!
Эмесе атын коём:
Отун алып баскын элди.
Бата тартам кошулчу,
Аты болсун Отунчу.
Айыл, калаа сүйүнчү-үү!
Аты болду Отунчу! Отунчу!
Аты болду Отунчу,
Калк сабына кошулчу.
Өзү берген Теңир сактаар.
Бата кылам отурчу,
Омийинин аллоовакпар!
Алловакпар- аллоовакпар- аллоовакпар
Баарында хак бар.
Алпейими дайым сактаар.
Теңирим давлат берди,
Ааламга адам келди
Айыл-калаа сүйүнчү-үү!
(Элдик ыр)
Колдонулган дабияттар.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004