Ат кулак

Википедия дан
Rumex patientia L.

Ат кулак (лат. Rumex L.) - өсүмдүктөрдүн кымыздыктар тукумундагы бир жана көп жылдык чөп өсүмдүгү. Сабагы түз, бутактуу, жалбырагы узун, сүйрү, чоң, саптуу. Гүлү жашыл, эки же бир жыныстуу, топгүлү шыпыргы. Мөмөсү үч кырдуу, даны жалтырак. Анын 150 түрү белгилүү, Кыргызстанда 13 түрү (кадимки, тармал, Теңир-Тоо ат кулагы ж. б.) кездешет. Короо-жай тегерегинде, көлмө, жол, арык бойлорунда ж. б. өсөт. Мал жебейт. Ат кулактын дээрлик бардык түрү отоо чөп. Каршы күрөшүү чаралары: жерди терең айдап, тамырын жыйнап жок кылуу, уругу быша электе оруп, чаап таштоо. Кадимки ат кулак атайы өстүрүлүп, жалбырагы тамакка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1