Ат күтүү салты

Википедия дан

Aт күтүү салты - кыргыздарда эзелтен аздектеп, атадан балага өткөн салттардан ат багуу, минүү, көздөө боюнча көп ыкмалар бар: 1) атты отко коюу, ат аркандоо, аргамжылоо - казык кагып, ага аркандын бир учун казык бош чалып, бир учуна эки алдыңкы бутун тушоо. Аттын бир бутун байлоо - карыялардын айтымында, малдын бутуна кан түшүрөт. Аркандалууда ат казыкты айлана оттойт. Аркан казыкты ороп калбайт; ат тушоо жип, чылбыр, чидер, кишен колдонулуп, ат эки бутунан же үч буту тушалат. Чылбыр, жипти эки алдыңкы бутунан кууштуура күрмөп, кайра чече коюуга оңтойлоштуруп илмек байлайт. Чидер, кишен м-н аттын алдыңкы эки бутуна мүйүз, жыгач тогоо илине турган кайыш өрүмдү топчулай коёт же үч буттап тушайт; чөп чалдыруу - атчан баратып ара жолдо түшүп, аттын ооздугун чыгара коюп, ээр-токумчан, кыска мөөнөткө оттотот. Күлүктү чабаардын алдында же таң ашырарда кичине чөп берип, андан соң аса байлап коёт. Түнкүсүн жайдактап агытып жиберүү да кеңири колдонулат; 2) ат сугаруу - жем илүүнүн алдында шар аккан сууга (таза болбосо, ат ичпейт) ооздугун чыгарып ичирет, кээде чака м-н да сугарат. Шашылыш убакта «жолдо сугарып алам» дебей, бастырарда сугарып, анан чөп чалдырып алуу туура. Ошондон улам эл ичинде «Эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет. Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет» деген макал айтылып калса керек; 3) жем берүү (илүү) - атты сугарып туруп, жем илет. Жемди дорбого (жем баштыкка) илет же шалчага төгүп берет. Жем жегенден кийин сугарбайт; 4) ат суутуу - суутуунун да түрлөрү бар: Суутуу алдында атка бир аз чөп чалдырат; алыс сапардан келген атты аса байлап, таң ашырат; атайын жашыруун максат м-н белгилүү убакытка чейин «аттын тилин бууп» суутат; «аттын көкүрөгүн бастыруу» да суутуунун түрүнө кирет. Аларды үч-төрт чай кайнамдан кийин отко коёт. Ал эми чабылуучу күлүктөр өзүнчө ыкмалар м-н суутулат. Атты минүүгө даярдоо: 1) атты бакалап, карап чыгуу - аттын жонун, дене-боюн тазалап, жал-куйругун тароо; 2) ат токуу: адегенде аттын жонуна ичмек, анан тердик, айрым учурда (аш-тойлордо, салтанаттарда) шалча, ат жабуу жабылат. Желдик (каптырга), ошондой эле куюшканы салынып, каптырганын үстүнө ээр токулат. Ээр аттын жонуна ички басмайыл м-н тартылып бекитилет. Ээрдин чарасына көрпөчө салынат. Көрпөчөнүн үстүнөн сырткы басмайыл, омуроосуна көмөлдүрүк тартылат; 3) казыкка байлоо атты казыкка аса байлап, басмайылын бир аз бошотуп коюу; 4) ат минүү - атты алдыга туура тартып, сол бутту сол үзөңгүгө илип, ат жалын же ээрдин кашын сол кол м-н кармап, көтөрүлүп, ээрге отуруу. Атказуучу болсо аны сол колтуктан өйдө, жеңилдете көтөрүп коёт. Аттанаар м-н шарт бастырып кетүү салт болуп саналат; 5) баланы атка мингизүү жөрөлгөсү - көчкөндө, аш-тойлордо, той-тамашаларда ээрчип барган баланы ээрге өңөрүү, 3-5 жашында айырмач ээр токулган тайга мингизип, жетелеп алуу. Ал 5-6 жашында тизгинди өз алдынча кармап, бастырып кеткен; 6) ат бастыруу - кыргыздар талаа-түздөрдө, адыр-белестерде, ашуу-белдерде ат үстүндө жай же желдирип бастырышкан, жоргосун салдыруу м-н же атты чабуу м-н ылдамдап жүрүшкөн; 7) атты салтанатка шөкөттөө – аш-тойлордо, майрамдарда атка абайы жаап, шалчалап, үртүктөп кооздошкон; 8) тумар тагуу - жакшы малды айрым «суук көздөрдөн» сактоо максатында, күлүк аттардын моюнуна көз мончок, тумар тагышкан. Ат үстүндө бекем отуруу, атты башкаруу, жүрүү жагынан көчмөндөрдүн көптөгөн салты малчылар арасында, ат спортунда орун алып келүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1