Ат үстүндө куржун эңмей

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда колдонуучу аспап- куржун.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толтурулган куржунду тегиз жерге койгондон кийин оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кезектери келгенде, аттарынан түшпөй, эңкейишип жерден куржунду эңип алып кайра мурдагы ордуна коюуга аракеттенишет. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Куржунду жерден кыйналбай бат эңип алган оюнчу жеңет.

Оюндун башка түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бала эңмей, кыз эңмей ж. б.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, аттан түшүп куржунду көтөрүүгө болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акырындык менен куржундун оордугун көбөйтсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, ийилчээктик, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, атты башкарууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]