Ауески ылаңы

Википедия дан

Ауески ылаңы, жалган кутурма - малдын борбродук нерв системасын, дем алуу органын жабыркатуучу жугуштуу ылаңы. Кишиге жугат. Венгер бактериологу Ауескинин ысымынан аталган (1902). Ылаңды вирус козгойт. Малдын борбордук нерв системасы, дем алуу органдары жабыркап, денеси абдан кычышат. Айрыкча чочко чарбасы менен куну айбанат фермаларына чоң зыян келтирет. Көбүнчө кеч күздө же кышка жуук кемирүүчүлөр орун (ийин) которгон мезгилде пайда болот. Ылаңдаган мал, айрыкча торопой өлүмгө көп учурайт. Вирусту кемирүүчүлөр таратат; жем, чөп, сүт жана башкалар аркылуу да жугат. Ылаңдын негизги белгилери: дене кычышат (ылаңдаган мал көрүнгөн нерсеге кычышкан жерин сүрөт); ошондой эле калтырайт, кусат, чөп жебейт, мурдунан суу куюлат, шилекей агат, тердейт, жөтөлөт. Ылаңды алдын алуу үчүн эмбрин - ОА формол-вакцинасы, чочколор үчүн БУК - 628 штаммынан даярдалган вакцина колдонулат. Дарылоо чаралары: гаммаглобулин, гипериммундуу кан сарысуусу колдонулат. Ылаңды кабылдатпас үчүн стрептомицин куюлат. Ылаң чыккан чарбага карантин коюу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1