Аукцион

Википедия дан

Аукцион (лат. auctio - көбөйүү; тоорук) - товарды сатып алуучуларга конкурстук негизде, жарыя соодалоо түрүндө белгиленген жерде жана белгиленген убакытта алдын ала көрүү укугу менен сатуу ыгы. Товар аукциондо жалгыз үлгүдө же лоттору менен сатылат. Аукциончу (аукционду өткөрүүчү) потенциалдуу сатып алуучуларга акционерлерге) кезегинде товардын номерин жана анын старттык баасын жарыялайт. Соода процессинде баа акырындап өсөт жана максималдуу бааны сунуш кылган сатып алуучу жеңүүчү деп табылат. Соодалоонун түрлөрү көп. Мисалы, англиялык аукциондо сатылган товардын сапаты үчүн жоопкерчилик болбойт; голландиялык аукциондо соода эң жогорку баадан башталат да, улам төмөндөтүлөт; мажбурлоочу аукцион сот же бийлик органдары тарабынан карызын төлөтүү, конфискацияланган же ээси жок мүлктү өткөрүү максатында сатылат; бажы аукциондо бажы органдары тарабынан конфискацияланган товарлар сатылат; эл аралык аукцион мезгили менен атайын фирмалар тарабынан тери, жүн, тамеки, чай, татымалдарды сатуу үчүн ири соода борборлорунда уюштурулат. Кыргызстанда аукцион менчиктештирилүүчү мамлекеттик же муниципалдык мүлктү сатуу үчүн, а. и. менчиктештирүү процессинде түзүлгөн ачык акционердик коомдордун акцияларын сатуу үчүн да өткөрүлөт. Азыркы электрондук соодалоо системасы элдер ортосунда товар сатууну жүргүзүүчү интернет-аукциондорду өткөрөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1