Аун Сан

Википедия дан

Аун Сан (13. 2. 1915-19. 7. 1947) - Бирманын улуттук баатыры, саясий жана мамлекеттик ишмери, улуттук-боштондук кыймылынын жетекчилеринин бири.

Рангун университетин бүтүргөн (1937). 1939-ж. Бирманын компартмясың түзүүгө катышып, анын ген. секретары болгон (1939-40). Аун Сан2-дүйнөлүк согуш башталгандан кийин Англия менен Япониянын Ыраакы Чыгыштагы кагылышууларын Бирманы боштондукка чыгаруу үчүн пайдалануу, б. а. Япония менен кызматташуу керек деп эсептеген. Ошондуктан Аун Японияга жана ал басып алган айрым өлкөлөргө барып, Бирма армиясына командир даярдоого катышкан. Бирок Япониянын аскерлери Бирманы басып киргенден кийин, ал Родинасына кайра келип, Бирманын көз каранды эмес армиясынын башында турган жана патриоттор менен бирге Японияга каршылык көрсөтүү кыймылын уюштурган. 2-дүйнөлүк согушта Япония жеңилген соң, англ. колонизаторлорго каршы патриоттук күчтөргө жетекчилик кылды. 1947-ж. январда Лондондо англ. өкмөт менен Бирмага көз каранды эместикти берүү жөнүндө сүйлөшүп, Бирманын Уюмдаштыруу чогулушун өткөрүүгө макулдашкан. Аны У Сонун реакциячыл тобу өлтүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.