Аурелия

Википедия дан
Аурелия.

Аурелия (лат. Aurelia aurita) - ичеги көңдөйлүүлөр тибинин сцифомедуз классына кирген омурткасыз деңиз жаныбары.

Денеси килкилдек, тунук. Диаметри 40 см ге жакын, көрүнүшү кол чатырдай, оозу астынкы бетинде жайгашкан. Денесинин айланасында мурут-тинтүүрлөрү жана 8 теңдеме органы бар. Баренц, Ак, Карек деңиздеринде, Тынч жана Атлантика океандарында таралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.