Мазмунга өтүү

Аутизм

Википедия дан

Аутизм (грекче: «autos» – өзүм) — бейтаптын чындык менен байланышынын бузулуусу, обочолонуу жана ички дүйнөнүн үстөмдүгү менен мүнөздөлгөн симптом; шизофрения жана шизоид психопатиясында байкалат[1]. Ал өнүгүүнүн татаал бузулушу, ал кичинекей кезинде эле байкалат жана адамдын социалдык көндүмдөрүнө, баарлашуусуна, мамилелерине жана өзүн-өзү жөнгө салуусуна таасир этиши мүмкүн[2].

Аутизмге чалдыккан адамдар такыр башкача. Алардын айрымдарынын укмуштуудай жөндөмдүүлүктөрү жана фантастикалык эс тутуму бар болсо, башкалары баарлашуу жана билим алуу жагынан кыйынчылыктарга дуушар болушат.

Аутизм - бул оору эмес, биологиялык мүнөздөгү абал же өнүгүүнүн бузулушу. Адамдар анын менен ооруп, кайра айыгып кете алышпайт. Ушундай абалда төрөлөт жана карылыкка чейин жашайт[3]. Азыркы күндө аны айыктырууга болбойт, бирок аутизм, адамдын жашоосуна тоскоол болбогонго аракеттерди жасаса болот.

Аутизмдин белгилери, адатта, бала 3 жашка толо электе эле пайда болот. Айрымдар төрөлгөндөн баштап эле белгилерди көрсөтүшөт жана үч башка шартта көрүнөт. Адам ушул категориялардын кеминде эки көрсөткүчүн көрсөтүшү керек. Социалдык көйгөйлөр, байланыш көйгөйлөрү, чектелген жана кайталанма жүрүм-турум - булар категорияларды түзгөн 3 негизги тема.

  • Социалдык көйгөйлөр

Социалдык өз ара аракеттенүү маселесиндеги эң ынанымдуу көйгөй –визуалдык контактан качуу. Бала эч качан башка адамдын көзүнө карабайт же байкабастан карап алса, кайра тез аранын ичинде көзүн ылдыйга түшүрүшү мүмкүн. Бул жүрүм-турумду анормалдуу жана аутизмдин симптому катары кароого болот.

Аутизмге чалдыккан балдардын көп достору жок. Алар кызыккан же ыракат алган нерселер чектелүү. Ушул себептен, алар топтук иш-аракеттерге көнүп жатканда кыйынчылыктарга туш болушат. Көпчүлүк учурда кимдир-бирөө чакырып калса жооп бербейт. Алардын ысымдары аталса да, укпаган түр көрсөтүшү мүмкүн. Башка балдарды кызыктырган нерселер аларды өзүнө тартпайт жана айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер бойдон калышат.

  • Байланыш көйгөйлөрү

3 жаштан жогору балдар, адатта, эки сөздөн турган сүйлөмдөрдү оңой курушу керек. Аутизмге чалдыккан балдардын сүйлөө этабында көйгөйлөр болушу мүмкүн. Балдар эки жашка чыкса да, бир дагы сөз айтпайт, же сүйлөй баштаганда грамматикалык каталарды кетирип, аларды кайталай беришет. Аларга сөз баштоо жана сөздөрун улантуу кыйын. Баарлашуу учурунда сүйлөшүү өзү менен сүйлөшүүгө айланып, экинчи тарапка болгон кызыгуу төмөндөйт[4]. Жалпы маектешүү эрежелеринен айырмаланып, аутизмге чалдыккандар өзүнүн өзгөчө тилин өнүктүрүшөт.

  • Чектелген жана кайталанма жүрүм-турум

Мындай адамдардын кызыкчылыктары бир кыйла чектелген. Экинчи жагынан, алар кызыккан нерселерге ашыкча мамиле кылышып, ушунчалык берилет, ошол темага байланыштуу эң кичинекей деталдары эсинде калат. Аутисттер күнүмдүк жашоосунда күн тартибин түзүп, аны дайыма кайталап турууну каалашат. Бул тартип үзгүлтүккө учураганда, алар капаланат.

Мындан тышкары, төмөндөгүдөй белгилер байкалышы мүмкүн:

  • сөздөрдү же сөз айкаштарын кайталоо, алдыга-артты силкинүү сыяктуу бир кыймыл-аракетти улам-улам жасоо,
  • өтө жакшы эс-тутум, өзгөчө жөндөмдүүлүктүн бар болушу,
  • башка адам көрсөткөн нерсени карабоо,
  • кучактаганды же бирөө кучактап, кармаса аны жактырбоо,
  • кепти, мимиканы же үн тонун түшүнүү жана колдонуудагы көйгөйлөр,
  • сөздү обон менен же роботтошкон үн менен айтуу,
  • тамакка болгон каршылык же тандап тамактануу,
  • уйку көйгөйлөрү ж.б

Тарыхы жана хронологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аутизмдин тарыхы 1911-жылы швейцариялык психиатр Поль Ойген Блейлер шизофрениянын бала чагындагы версиясы деп эсептеген терминди киргизгенден кийин башталат[5]. Ошондон бери биздин аутизм жөнүндө түшүнүгүбүз өнүгүп, азыркы Аутизм спектринин бузулушу (АСБ) диагнозу менен аяктаган жана клиникалык изилдөөлөргө, билим берүүгө жана аутизмди колдоого алган көптөгөн көрүнүктүү окуяларга негизделген.

1925-жылы советтик психиатр Груня Ефимовна Сухарева "Балалык кездеги шизоиддик психопатия" деген макаласында балдардагы аутисттик мүнөздөмөлөрдүн кеңири сүрөттөлүшүн жарыялаган. Алгач Сухарева "шизоиддик психопатия" терминин колдонсо, кийинчерээк "аутисттик психопатия" деп өзгөрткөн. Ал байкалган балдардын социалдык өз ара аракеттенүүгө жөндөмсүздүгү, адамдар менен байланышуудан качуу, өзүнө өзү кирүү жөнүндө жазган. Ал балдардын жүрүм-туруму балалык шизофрения менен ооруган адамдардын жүрүм-турумуна окшош экендигин белгилесе дагы, алардын абалын дагы деле болсо шизофрения деп атоого болбойт деген[6].

1938-жылы  Луиза Десперт, америкалык психолог, балдардын шизофрения ооруларынын 29 учурун, алардын айрымдарынын бүгүнкү күндөгү аутизмдин классификациясындагы белгилерин толук сүрөттөп берет.

1943-жылы америкалык балдар психиатры Лео Каннер 11 баланы изилдеген. Балдарда социалдык өз ара аракеттенүүдөгү өзгөчөлүктөр, күндөлүк режимдеги өзгөрүүлөргө көнүү кыйынчылыгы, жакшы эс тутум, дүүлүктүргүчтөргө сезгичтик (айрыкча үндөргө), тамак-ашка болгон каршылык жана аллергия, жакшы интеллектуалдык потенциал же эхолалия бар эле[7]. Кийинчерээк ал бул шартты "инфантилдик аутизм" деп атады[8].

1944-жылы Австриялык педиатр Ханс Аспергер аутизм менен ооруган балдар жөнүндө маанилүү илимий изилдөө жарыялаган. Ал айрым балдардын ата-энелеринин мүнөзү же эксцентриситети окшош экендигин байкайт жана муну генетикалык байланыштын далили деп эсептейт . Ошондой эле, ал кийинчерээк Аспергер синдрому деп аталган аутизмдин жогорку деңгээлдеги иштешин сүрөттөгөн[9].

1967-жылы  Бруно Беттелхайм аутизмдин себеби катары "муздаткыч эне" теориясын тастыктаган “Бош чеп” (The Empty Fortress) китебин жазган[10].

1977-жылы Сюзан Фолштейн жана Майкл Руттер эгиздердин жана аутизмдин алгачкы изилдөөсүн жарыялашты. Бул изилдөө генетика аутизмдин коркунучтуу фактору экендигин аныктады.

2003-жылы Глобалдык жана Регионалдык Аспергер Синдрому өнөктөштүгү, Аспергер жана Аутизм спектринин бузулушу бар адамдар тарабынан уюм уюштурулган.

2020-жылы Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору ар бир 54 баланын аутизм спектринин бузулушу (АСБ) менен аныкталгандыгын байкайт[11].

Классификациясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ушундай бузууларга байланыштуу ооруларды же акыл-эс артта калгандыгын аныктоо зарыл болсо, анда кошумча код (F84) колдонулат[12].

  • F84.0 Балдардагы аутизм

Бул бузулушунун түрү үч жашка чейинки балада байкалган аномалиялар жана өнүгүүнүн артта калуулары. Бул спецификалык диагностикалык өзгөчөлүктөр адатта фобия, уйкунун жана тамактануунун бузулушу, кыжырдануунун жарылышы жана өз алдынча агрессивдүүлүк сыяктуу башка спецификалык эмес көйгөйлөрдү толуктайт.

  • F84.1 Атипикалык аутизм

Атипикалык аутизм үч жаштан жогору баладагы аномалиялар жана өнүгүүнүн артта калуулары байкалат жана көбүнчө терең өнүкпөй калган адамдарда жана катуу, спецификалык рецептивдик сүйлөө бузулуулары бар адамдарда өнүгөт.

  • F84.2 Ретт синдрому

Бул синдром аялдар линиясы аркылуу өткөн өнөкөт нейропсихиатриялык оору. Патология өзүн бир жылдан эрте көрсөтөт. Мындай синдромго чалдыккандар эң көп дегенде 30 жыл жашашат, ошондуктан бул илдетке чалдыккан бойго жеткен аялдар аз.

  • F84.3 Башка балдардын дезинтеграциялык бузулушу

Жалпы өнүгүүнүн бузулушунун түрү, ал бузулуунун белгилери көрүнгөнгө чейин нормалдуу өнүгүү мезгилинин болушу менен мүнөздөлөт, ошол мезгилде өнүгүүнүн ар кандай чөйрөлөрүнө карата алган көндүмдөрдүн ачыктан-ачык жоголушу менен коштолот. Мында дагы аутизмдеги белгилер билинет.

  • F84.4 Акылдын артта калышына жана стереотиптик кыймылдарга байланыштуу гиперактивдүү бузулуу

Белгисиз нозологиянын начар белгиленген бузулушу. Бул категория гиперактивдүү, стереотиптүү жүрүм-турумун көрсөткөн жана акыл-эс жагынан артта калган (IQсу 35тен төмөн) балдардын тобуна арналган. Өспүрүм курагында гиперреактивдүүлүктүн төмөндөшү мүмкүн.

  • F84.5 Аспергер синдрому

Социалдык өз ара мамилелердин ошол эле сапаттык аномалиялары менен мүнөздөлгөн, аныкталбаган нозологиянын бузулушу. Аутизмден айырмасы, биринчиден, кепти жана таанып-билүүнү өнүктүрүүдө кадимкидей токтоо же кечигүү жок. Бул бузулуу көбүнчө катуу олдоксондук менен байланыштуу. Эрте бойго жеткенде психотикалык эпизоддор мезгил-мезгили менен болуп турат[13].

Ошондой эле, психологдор патологиянын беш тобун бөлүп көрсөтүшөт:

  1. биринчи топко тышкы дүйнө менен байланышпаган бейтаптар кирет. Мындай учурда, аутизм жана майыптык диагнозу коюлат;
  2. экинчи топко тышкы дүйнө менен бир гана өз демилгелери менен байланышкан бейтаптар кирет;
  3. үчүнчү топко коомдун нормаларын жана көз караштарын кабыл албаган чоңдор кирет;
  4. төртүнчү топко көз каранды, көйгөйлөрдү көтөрө албаган жана таарынган адамдар кирет. (патологияны психиатр гана аныктай алат);
  5. бешинчи топко жеңил аутизм диагнозу жана интеллект деңгээли орточо деңгээлден жогору адамдар кирет.

Аутизм нерв тутумунун иштөө өзгөчөлүктөрүн аныктоочу генетикалык мутациялардын натыйжасында же чоңойгондо ар кандай тышкы таасирлердин натйжасында (инфекциялар, стресс, ашыкча жумуш ж.б.)  пайда болушу мүмкүн. Аутизмдин так себептери али аныктала элек, бирок заманбап окумуштуулар балдардагы аутизмди ар кандай терс факторлордун таасири астында пайда болгон генетикалык оору деп аташууда.

Аутизмдин генетикалык эмес негизги себептери:

  • зат алмашуунун бузулушу жана рациондун туура келбеши;
  • боюнан түшүү коркунучу бар кош бойлуу аялдар тарабынан дары-дармектерди алуу;
  • сөөктүн өнүгүүсүнүн бузулушу;
  • мээ иштөөсүүнүн бузулушу;
  • зыяндуу заттарды жутуу ж.б.

Окумуштуулардын айтымында, көпчүлүк учурларда, тышкы факторлордон көз-каранды болгон аутизм, адамдын жагымсыз психологиялык чөйрөдө болуу жана катуу физикалык чыңалуу шартында өнүгөт[14].

Диагностика жана дарылоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чоңдордогу аутизм диагнозун квалификациялуу дарыгер анамнез маалыматтарына, сурамжылоого жана инструменталдык текшерүүнүн жыйынтыгына таянып аныктайт. Инструменталдык изилдөө (электроэнцефалография) коштолгон патологиянын ыктымалдуулугун жокко чыгарууга жана дифференциалдык диагностиканы жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Аутизмдин дифференциалдык диагнозу бойго жеткен мезгилде шизофрения же депрессиялык бузулууларга шектелген учурда жүргүзүлөт.

Аутизмди дарылоодо ар кандай усулдар колдонулат. Балансты бекемдөөгө жана стрессти азайтууга багытталган терапиянын жардамы менен дарыласа болот. Бейтаптын абалы оңдоону талап кылган учурларда бир катар дары-дармектер колдонулат. Алар, транквилизаторлор, антидепрессанттар, нейролептиктер, ноотроптор, антиконвульсанттар жана стимуляторлор.

Социалдык жана экономикалык кесепеттер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аутизм спектринин бузулушу адамдын күнүмдүк иш-аракеттерин жүргүзүү жана коомго катышуу мүмкүнчүлүгүн бир кыйла чектеп салышы мүмкүн. Көбүнчө адамдын билимине жана социалдык жетишкендиктерине, ошондой эле жумушка орношууда терс таасирин тийгизет. Айрым адамдар өз алдынча жашай алышат, ал эми башкалар катуу майып болушуп, өмүр бою кам көрүүнү жана колдоону талап кылышат.

Аутизмге чалдыккан адамдар үй-бүлөлөрүнө көп учурда эмоционалдык жана экономикалык оорчулуктарды алып келет. Ошондуктан, кам көрүүчүлөрдүн ыйгарым укуктары барган сайын мындай иш-чараларда маанилүү компонент катары таанылаып жатат[15].

  1. Большая медицинская энциклопедия https://xn--90aw5c.xn--c1avg/index.php/%D0%90%D0%A3%D0%A2%D0%98%D0%97%D0%9C
  2. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 24 -март (жалган куран) 2021. Түп булактан архивделген күнү 27 -март (жалган куран) 2021.
  3. https://www.bbc.com/russian/features-39420236
  4. https://otsimo.com/en/typical-characteristics-autism-spectrum-disorder/
  5. How autism became autism: The radical transformation of a central concept of child development in Britain. https://doi.org/10.1177%2F0952695113484320
  6. https://encyclopedia.autism.help/persons/suhareva-grunya-efimovna
  7. https://www.news-medical.net/health/Autism-History.aspx#:~:text=The%20term%20autism%20first%20was,admiration%20and%20withdrawal%20within%20self
  8. https://www.penguinrandomhouse.com/books/310415/neurotribes-by-steve-silberman-foreword-by-oliver-sacks/
  9. News medical https://www.news-medical.net/health/Autism-History.aspx#:~:text=The%20term%20autism%20first%20was,admiration%20and%20withdrawal%20within%20self.
  10. The empty fortress: Infantile autism and the birth of the self. Arch Gen Psychiatry. 1967;17(4):510–512. doi:10.1001/archpsyc.1967.01730280126018
  11. https://www.cdc.gov/ncbddd/autism/data.html
  12. https://mkb-10.com/index.php?pid=4429
  13. https://mkb-10.com/index.php?pid=4429
  14. https://www.medicina.ru/patsientam/zabolevanija/autizm/
  15. https://www.who.int/ru/news-room/fact-sheets/detail/autism-spectrum-disorders