Афазия (лингвистика)

Википедия дан

Афазия (лингвистика) (грек. aphasia: а - тангыч приставка, phases - айтым) – мээнин белгилүү бир зоналарынын жабыркоосунан келип чыккан кептик бузулуулар.

Мээнин кептик зонасынын ар кайсы аймактарынын жабыркоосу, жалпысынан, сүйлөөнүн бузулушуна алып келет, ошентсе да бузулуунун спецификасы жабыркаган аймактын функциясынан (биринчилик дефект), кийинки экинчилик системалык жабыркоолордон, функционалдык өзгөрүүлөрдөн көзкаранды. Афазия - биринчилик дефект менен байланышкан компоненттерден түзүлгөн сүйлөөнүн системалык бузулуусу. Афазияны бул маанисинде А.Р. Лурия негиздеп, П.К. Анохин, Л.С.Выготский, А.Н.Леонтьевдин изилдөөлөрүндө өнүктүрүлгөн.

Мээнин алдынкы кептик зонасы жабыркаганда Афазиянын төмөнкүдөй түрлөрү орун алат: динамикалык Афазия - өзү айта турган кептин маанилик схе-масын түзүүнүн бузулушу; синтаксистик А. - айтымдын грамматикалык түзүлүшүнүн бузулушу, айтымды айрым-айрым номинациялар же алардын тизмеги менен алмаштыруу, татаал грамматикалык конструкцияларды түшүнүүнүн кыйындашы; эференттик мотордук Афазия - сүйлөөнүн мотордук кинетикалык түзүлүшүнүн бузулушу, активдүү сөздүктүн өтө кичине өлчөмү же жок болушу, сөздү же муунду өз-өзүнчө бөлүп айтуу, өзү сүйлөгөнгө караганда, башканын кебин кыйынчылык менен түшүнүү.

Арткы кептик зонанын жабыркоосунда кептик бирдиктерди парадигматикалык тандоонун операциялары бузулат. Төбө бөлүгүнүн төмөнкү бөлүмдөрү жабыркаганда афференттик мотордук Афазия пайда болуп, ал активдүү сөздүктүн жоголушу (бирок түшүнүү сакталып калат), тыбыштарды алмаштыруунун көптүгү, эрин менен тилдин максатсыз, өзүнөн-өзү келип чыккан кыймылдары менен мүнөздөлөт.

Мээнин сол жарым шарынын чыкый бөлүктөрүнүн жабыркоосунан тыбыштарды жана сөздөрдү тандап колдонуудагы дефектилер келип чыгат. Сенсордук Афазия чыкыйдын арткы жогорку бөлүгү жабыркаганда пайда болуп, мында оорулуу ага багышталган кепти түшүнбөйт, сөздөрдү мааниси жок эле кайталап, өзүнүн кеби ажыратылбаган тыбыштык агымга - "сөздүк винегретке" айланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4