Афера

Википедия дан

"Афера" (англ. The Sting) - 1936-жылдын сентябрь айында жарыкка чыккан АКШнын көркөм тасмаларынын бири, тасмада абдан шыктуу (Пол Ньюман жана Роберт Редфорд) эки алдамчы мафия башчысынын ишеничине кирип, алдап кеткендиги тууралу баяндалат. Тасманын режиссеру Жорж Рой Хилл, Нүмэн менен Редфордту Батч Кэссиди жана Сандэнс Кид вестерн тасмасында дагы тарткан. Дэвид Мойердин "Эң чоң каршылык: Өзүнө ишенген адамдын окуясы" аттуу китебиндеги ага-ини Фред жана Чарли менен болуп өткөн чыныгы окуянын негизинде Дэвид Вард тасманын сценарийин түзгөн.

Аталышындагы сөз алдамчылардын "оюнду" бүтүрүп, жеңишке жетип, мафиянын бардык акчасына ээ болгондон кийинки учурга таандык. Мафия алдамчылар көздөн кайым болгондон кийин гана алдангандыгын түшүнүүүсү, иштин ийгиликтүү аяктаганын билдирет. Тасма белгилүү бөлмөлөрдө гана эски титул баракчалары менен ишемби күнкү почта картасындагы жазууларга жана иллюстрацияларга окшогон стилде көрсөтүлгөн. Бул тасма Марвин Хэмлиштин тасмасындагы рэгтайм стилиндеги Скотт Жоплиндин эски (Жоплин тарабынан башкаларга берилген, Хэмлиштин тасмасынын музыкасы болуп жарыяланганда, эң белгилүү 10-ырдын тизмесине кирген) "Зе Энтертейнер" аттуу композициясын колдонгондугу байкалган. Тасманын ийгилиги Жоплиндин ишине болгон кызыгууну арттырган.

Тасма 46-Оскар тапшыруу аземинде 10 номинацияда ат салышып,"Эң мыкты тасма","Эң мыкты режиссер", "Өзгөчө сценарий" сыктуу 7 наамды утуп алган.

Сюжет[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]