Афина Абдылдаева

Википедия дан

Акын, жазуучу Афина Абдылдаева Чүй облусунун Петровка (азыркы Москва) районунун Кызыл-Туу айылында 1944-жылы 8-августта туулган.

Ал Кызыл-Туу жети жылдык мектебин, Фрунзедеги финансы-кредит техникумун, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн жана Алма-Атадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.

Эмгек жолун 1962-жылы Жаңы-Жол районунун Кара-Суу мектебинде баштаган. 1978-1980-жж. Талас районунун мектептеринде мугалим, директор болуп иштеген. 19801990-жж. Талас облусунун Манас райондук партия комитетинин катчысы, экинчи катчысы болгон. 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министринин орун басары, 1991-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде инспектор болуп иштеген.

А.Абдылдаева чыгармаларын кыргыз жана орус тилдеринде жазат.

Ал 2000-жылы "Арноо" аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын эл аралык университетинин Политехникалык колледжинде мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары болуп эмгектенет.

2010-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арноо: Ырлар.  Б.: Илимдер академиясынын басмаканасы, 2000.  158 б.

Өмүр толкунунда: Ырлар жана очерктер.  Б.: Бийиктик, 2004.  159 б.

Элим деген инсан: Даректүү баян. Б.: Бийиктик, 2006.  107 б.

Кыргызстандын чыгаан уулдары. Б.: Эркин-Тоо, 2008.  372.

Үсөнкул Жумабаев- мезгил тузагына илинбеген инсан: Даректүү баян. – Б: Руханият, 2010. – 180 б.

Кыргызстандын чыгаан уулдары: Документалдуу биографиялык баяндама. – Б.: Гүлчынар, 2010. – 380 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

От шахтера до дипломата: Документально-биографическое издание. – Б.: Центр госязыка и энциклопедии, 2007.  416 с.

С добрым сердцем к людям: Документально-биографическое издание.  Б.: Бийиктик, 2007.  414 с.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б.

Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.