Афины (байыркы)

Википедия дан

Афины (байыркы) — Байыркы Грекиянын тарыхында жана маданиятында Спарта менен катар эле чоң роль ойногон Аттикадагы шаар-мамлекет (полис). Афинынын тарыхы бир нече доорго бөлүнөт. Эзелки Афины (биздин заманга чейинки 2-миңинчи жылдан 6-кылымга чейин). Археологиялык изилдөөлөр боюнча Микен доорунда эле Акрополдун айланасында чеп, дубал менен курчалган алгачкы турак жайлар салынган. Аттикадагы уруу жамааттарында акырындап жердин көбү аристократтардын менчигине өткөн. Карыздар болгон дыйкандар жеринен гана эмес, эркиндигинен да ажыраган. Карыз эркин адамдарды кулга айландыруунун бир булагы болгон. Биздин заманга чейинки. 594— 593-жылы демостун кысымы астында Солон реформа жүргүзүп, ал боюнча дыйкандардын карыздары жоюлган жана эркин афиналыктарды карыз үчүн кулга айландырууга тыюу салынган. 560-жыл ченде Афиныда саясий төңкөрүш болуп, Писистраттын тираниясы орнойт. Ал дыйкандардын, кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзгөн. 508-жылы Елисфен жетектеген демостун көтөрүлүшү жеңишке жетишкен. Клисфен жүргүзгөн реформанын натыйжасында уруулук түзүлүштүн калдыктары жоюлуп, кул ээлөөчүлүк мамлекет түптөлгөн. Грек-Персия согушунда (Биздин заманга чейинки 500— 449) Афинычоң роль ойногон. Ионийлик шаарлардын көтөрүлүшүн колдоп, перстерди жеңген, грек мамлекеттеринин коргонуу союзуна биринчилерден кирген (490), кийинчерээк Афины Делос союзун жетектеп калган. Афиныда ошол кезде эң прогрессчил мамлекеттик түзүлүш — кул ээлөөчүлүк демократия орнотулуп, Периклдин убагында Афиныэң жогорку гүлдөөгө жетишкен, жогорку бийлик элдик чогулушка өткөн. Маданият, курулуш иши мыкты өнүккөн. Акрополь ансамбли дүйнөлүк архитектуранын эң сонун үлгүсү болуп калды. Бирок Афины державасынын ичиндеги карама-каршылыктар анын башка полистер менен кагылышуусуна түрткү болгон жана бүткүл Грецияны бүлүнткөн Пелопонесс согушунун (431—404) чыгышына алып келген. Бул согушта Афины жеңилип, Грекиядагы өзүнүн мурдагы маанисин биротоло жоготкон. Эллин доорунда Афинынын абалы бир нече жолу өзгөрүп, кээде узакка болбосо да, көз каранды эместикке жетишип, айрым учурда Македония аскер гарнизонун киргизип турган. Биздин заманга чейинки 146-жылы Афиныда Рим үстөмдүгү орногон. 88-жылы Афины Римге каршы кыймылга кошулган, 86-жылы римдик кол башчы Корнелий Сулла Афиныны каратып алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1