Афригид маданияты

Википедия дан

Афригид маданияты - биздин замандын 5-8-кылымына таандык археологиялык эстелик. Хорезмдеги Афригид династиясынын аты менен аталган Афригид маданиятынын эстеликтерин 1937-40-жылдары археолог С. П. Толстов изилдеген. Анын калыптануу учурунда байыркы шаарлар акырындап жоголо баштап, анын ордуна чет-жакадагы жер ээлеринин сепилдери жана анын айланасында отурукташып жаткан калктын турак-жайлары пайда болгон. Афригид маданиятынын аймагынын акыркы мезгилинде жаңы шаарлар өнүгө баштаган. Карапа идиштерди кол менен жасашкан. Афригид маданиятынын эстеликтеринен темир канжар, үч кырдуу жебенин учтары жана башкалар табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1