Аффанди Кусума

Википедия дан

Аффанди Кусума (1910-ж. г.) - индонезиялык живописчи жана график.

Сүрөтчүлүккө өз алдынча үйрөнгөн; "Эл сүрөтчүсү" деген бирикмени (1947) жана Индонезиянын сүрөтчүлөр союзун (1952) негиздеген. Аффандинин 1940-50-жылдардагы сүрөттөрү ("Элдин ырыскысы", "Элдик ополчениедегилер тактикалык машыгууда" 1946) романтикалык салтанаттуулук, күчтүү эмоциялуулугу менен айырмаланып, жөнөкөй эмгекчилердин. мээримине арзыган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.