Аффриката

Википедия дан

Аффриката (латынча affray - сүргүлөйм) - жарылма жана фрикативдүү (жылчыкчыл) элементтерден турган үнсүз тыбыш. Кыргыз тилинде ага ж, ч тыбыштары кирет. Булардын айтылышында тыбыштык активдүү орган пассивдүү тыбыш органына кептелишип, ага жакындашып жылчыкты пайда кылат, бирок андан тез эле тилдин ортоңку бөлүгү катуу таңдайга, капталдары каптал тиш менен анын бүйлөлөрүнө кептелип, абанын агымы аны жарып чыгат. Ошентип, бул эки тыбыш Аффриката (татаал тыбыштар) тобун түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1