Аффрикаталар

Википедия дан

Аффрикаталар - лат. affricatus, affricata сөздөрүнөн алынган, Кыргыз тилинде татаал айтылыштагы тыбыш дегенди туюндурат.

Кыргыз тилинде татаал тыбыштарга ж, ч кирет. Булардын айтылышында тыбыштык активдүү орган пассивдүү тыбыш органына кептелишип, ага жакындашып жылчыкты пайда кылат, бирок андан тез эле тилдин ортоңку бөлүгү катуу таңдайга, тилдин капталдары каптал тиш менен анын бүйлөлөрүнө кептелип, абанын агымы аны жарып чыгат. Ошентип, бул эки тыбыш эки фокустуулар же аффриката (татаал тыбыштар) тобун түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4