Ахей союзу

Википедия дан

Ахей союзу - Пелопоннестеги (Грекиянын түштүгүндөгү тарыхый-географиялык аймак) байыркы грек шаарларынын Македонияга каршы федерациясы (280-146). Алгач Ахей союзу Ахайидеги (союздун аталышы ушундан келип чыккан) 12 аймактын бирикмеси болгон, бирок биздин заманга чейинки 4-кылымдын ортосунда таркап кеткен. 280-жылы Македонияга каршы ахейлик 4 полистин (шаар-мамлекеттин) федерациялык мамлекети катарында кайрадан түзүлүп, 275-жылы ага Эгион жана бүткүл Ахайя аймагы, Коринф, Эпидавр, Мегара жана башка полистер кошулган. Ушундан кийин Ахей союзу күчтүү бирикмеге айланып, Пеллопоннестеги македониялык гегемонияны жоюуга жетишкен. Союзга кирген шаарлар арасында тең укуктуулук сакталган. Жогорку бийлик жылына эки жолу Эгиондо өтүүчү чогулушка таандык болгон. Чогулушка союзга мүчө ар бир шаардан бирден өкүл катышкан. Союздун чыгашалары анын мүчөлөрүнөн чогултулган, ошондой эле алар аскер берип турууга да милдеттенишкен. Ахей союзу өзүнүн акчасын басып чыгарган, чен-өлчөмдөрдүн бирдиктүү системасын кийирген. Рим менен Македониянын ортосундагы согушта (200-197) Ахей союзу Рим тарабына өткөн. Ахей союзунун күчөшүнөн жана анын курамына Спарта, Элида жана Мессениянын кошулушунан чочулаган римдиктер биздин заманга чейинки 146-жылы Ахей союзу таратып жиберген. Анын аймагында Ахайя деп аталган Рим империясынын провинциясы түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1