Ахемениддер мамлекети

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ахемениддер мамлекети - Ахемениддер династиясынын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн, биздин заманга чейинки 6-4-кылымда өкүм сүргөн мамлекет. Ирандын азыркы Фарс провинциясын мекендеген перс урууларынын падышасы Кир II тарабынан негизделген. Биздин заманга чейинки 553-жылы ал мурда баш ийип келген Мидия мамлекетине каршы аттанып, 550-жылы аны каратат. Кийинки жылы байыркы Эламдын борбору Сузы шаарын, үч жылдан кийин Кичи Азиянын облустары, Лидия падышалыгы, Армения каратылган. 545-539-жылдар аралыгында чыгыш ирандык жана Орто Азиялык өлкөлөр баш ийдирилген. 539-жылы Вавилония, андан соң Сирия, Палестина, Финикия кыйратылган. Кирдин уулу Камбиз Пнин тушунда Египет, Нубия жана Ливиянын бир бөлүгү каратылган. 519-512-жылы Дарий I тарабынан Эгей деңизиндеги аралдарды, Фракия, Македония жана Индиянын түндүк-батышы басып алынган. 6-кылымдын аягына карата мамлекеттин аймагы чыгыш Орто Азия жана Инд дарыясынан батышта Эгей жана Жер Ортолук деңизге чейин, түндүк Армян тоосунан түштүк Нубияга чейинки аралыкка созулган. Каратылган элдер бир нече жолу перс эзүүсүнө каршы көтөрүлүштөргө чыгышкан. 5-кылымдын башында перстер гректер менен болгон согуштарда бир катар жеңилүүлөргө учурайт. Жарым кылымга созулган грек-перс согуштары (500-449) А. мамлекетинин начарлоосуна алып келген. Биздин заманга чейинки 327-жылы Александр Македонскийдин аскерлеринин соккусу астында кыйраган. Этностук жана социалдык курамы боюнча гана эмес, Ахемениддер империясынын аймактарынын өнүгүү деңгээли да бир кылка болгон эмес. Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөр (Египет, Финикия, Вавилония, Элам жана Кичи Азия) менен катар анын курамына артта калган Балкан жарым аралындагы аймактар, көчмөн араб, скиф жана башка уруулар да кирген. Башкаруу жана салык алуу спстемасын жөнгө салуу үчүн, биздин заманга чейинки 519-жылы Дарий I мамлекетти 20 административдик-аймакка — сатрапияга бөлгөн. Аларды башкаруу үчүн дайындалган сатраптар — «падышачылыкты сактоочулар» башкаруу, сот, салык чогултуу иштерин жүргүзүп, сатрапиялардын коопсуздугун камсыз кылышкан. Перс администрациясы финикиялыктарга, Кичи Азиядагы грек шаарларына автономия берпшкен, айрым өлкөлөрдө (Кипр, Финикия, Кплпкия) жергиликтүү падышалардын династиялык башкаруусун, ошондой эле арабдардын, колхдордун, сактардын уруу башчыларынын бийлигин калтырып, ички иштерине кийлигишкен эмес. Империянын административдик борбору болгон Сузы шаарында мамлекеттик башкаруунун борбору аппараты жайгашып, мындан сырткары Персеполь, Вавилон, Экбатан шаары империянын борбору катарында пайдаланылган. Империядагы мамлекеттик иштер арамей тилинде, мындан сырткары расмий документтерди жазуу жергиликтүү элдердин тилдеринде (мисалы, Египетте кечегипеттик, Персепольдо элам) да жүргүзүлгөн. Ахемениддер мамлекетинин армиясы (атчан жана жөө аскерлер) негизинен перстер жана мидиялыктардан турган. Ири жүрүштөргө перстердпн кол алдындагы элдер белгплүү санда аскер берүүгө милдеттүү болгон. Деңиз салгылашуулары финикиялыктардын жана Эгей деңизинин аралдарынын жашоочуларынын жардамы менен жүргүзүлгөн. Басып алган аймактарда көтөрүлүштөргө жол бербөө үчүн аскер гарнизондору жайгаштырылган. Ахемениддер доорунда искусствонун, архитектуранын көптөгөн шедеврлери жаралган. Алтындан жасалган асем буюмдар, пил сөөгүнөн жасалган ритондор, темир вазалар жана идиштер, лазуриттен жасалган скульптуралык чыгармалар кеңири тараган. Пасаргада жана Персеполдогу падышалык сарайлар перс архитектурасынын көрүнүктүү эстеликтери болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1