Ахинжанов Сержан Мусатаевич

Википедия дан

Ахинжанов Сержан Мусатаевич, 1939-ж. 3-сентябрында Казак ССРинин Алматы шаарында туулган. Мектепти аяктагандан соң, 1964-ж. Москва Мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. Ушул жылдан тартып эле Казак ССРинин ИАсынын Тарых, археология жана этнография институтунда илимий кызматкер болуп эмгектенет. 1873-ж. «Кипчаки и их политические взаимоотношения с Хорезмом в 11- нач.13вв.» аттту темадагы илимдин кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргойт. Казакстандын орто кылымдардагы тарыхы жана археологиясы боюнча ири адис болгон. «Кыпчаки в истории средневекового Казахстана» (Алма-Ата, 1990) деген монографиясы орто кылымдардагы кыпчак этно-саясий бирикмелеринин тарыхы боюнча фундаменталдуу изилдөөлөрдүн жыйынтыгы болуп эсептелет. Бир катар жылдар бою Түштүк Казакстан археологиялык отрядын жетектеген. 1991-ж. кырсыктан каза болгон. А.С.Ахинжановдун 8-9 кк. Иртыштагы калыптанган Кыпчак этносаясий бирикмеси Түндүк-Чыгыш Монголиядан көчүп келген кумаси жана уранкай уруулук бирикмелеринен түзүлгөн деген көз карашы илим чөйрөсүндөгү кызуу талаш-тартыштарды жараткан. Изилдөөчү бул жерден археологиялык материалдардын негизинде кыпчак урууларынын Иртыш аймагынан Борбордук Казакстандын чөл жана жарым чөл аймактарына, Сыр-Дарыяга туташ өрөөңдөргө жана Мангыстоого (каз. Мангистау) карай жүргөн миграциясын ачып көрсөткөн. Илимдеги айрым маалыматтар боюнча кыпчактардын Чыгыш Европанын түздүктөрүндө пайда болуусу Руська (Киев Орус мамлекети) жана Византия карай согуштук жүрүштөргө байланыштуу келип чыккан. Император Алексей Комнин тарабынан чакырылган кыпчактар бул аймактарга биротоло бекемделип калышкан эле. С.Ахинжановдун этникалык тарыхка кошкон негизги салымдарынын бири болуп тарыхый аренага чыккан кыпчактардын кимактар менен өз ара алакаларына назар салып иликтеген. Мындын сырткары бүгүнкү Казакстандын аймагында жашаган түрк тилдүү уруулар, элдер менен монгол тилдүү этникалык топтордун этногенетикалык алакаларын илимий калыбына келтирүүгө аракет жасаган. С.М.Ахинжанов көчмөн жана отурукташкан маданияттардын өз ара алакаларын, экономикалык байланыштары, этностук-маданий алакалары мыйзам ченемдүү өнүгөрүн сыпаттоо менен бул маданияттардын бири экинчиси үчүн зарыл экендигине токтолгон. Мында сөз Дешт и-Кыпчакты мекендеген көчмөн түрк уруулары менен Хорезмдин ортосундагы 10-11 кк. алакалары тууралу болуп жатары ырас.

Эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Древние караванные пути кимаков. // Материалы 1-ой научной конференции молодых ученых АН Каз. ССР., Алма Ата, 1968.2.К вопросу о происхождении канов на Сырдарье. // Известия АН Каз. ССР., Серия общественных наук., Алма Ата, 1972, № 2. (в соавторстве с Ерзаковичем Л.Б.)3.Из истории обороны Отрара (1219-1220гг.). // Памятники истории и культуры Казахстана., Алма Ата, 1984.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015