Ахль аль-Китаб

Википедия дан

Ахль аль-Китаб — (араб. Китеп ээлери) «Китеп ээлери» же «китеп берилгендер» деп мусулмандар иудаизм жана христиан динин туткандарды аташат. Мындай атоонун негизги себеби, алар иудаизм жана христиан дининин негизин түзгөн, Аллах тарабынан пайгамбарлар жана ыйык китептер аркылуу жөнөтүлгөн динди тутунгандыгы болгон. Ыйык ки¬тептер үчүн алар ушинтип аталышкандыгы айтылат. Бул термин менен жогоруда аталган диндердин жактоочуларын бутпарастардан айырмалашат. «Китеп ээлери» өз динин ис¬лам мамлекеттеринде эркин тутуу укугуна ээ болушкан. Мусулмандарга алар менен тууганчылык мамиле түзүүгө (негизинен, Мухамеддин пайгамбардыгына чейин өз динин туткан (китеп ээлеринин» аялдарын алууга уруксаат берилген) жана иш боюнча мамиле түзүүгө уруксат берилген. Өтө радикалдуу түшүнүктөгү топтордун күнүбүздөгү түшүндүрүүсү бо¬юнча (жихад-такфириттер кээ бир радикалдуу салафиттер- вахабиттер) бүгүнкү күндөгү иудейлер жана христиандар «китеп ээлеринин» катарына киришпейт. Ушуга байланыштуу кол тийбестик укугуна ээ эмес жана мушрикун (кеп кудайга ишенгендер) жана кяфирун (динсиз) деп жарыяланышат.