Ахметов Заки

Википедия дан

Ахметов Заки - (4. 5. 1928., Чыгыш Казакстан облусу, Улан району, Узун-Булак айылы - 2002), адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1965), профессор (1966). Казакстан ИАнын корреспондент-мүчөсү (1975), академик (1983), Казакстан Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1978), Казакстан мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1996), Казакстан ИАнын Валиханов атындагы сыйлыгынын лауреаты (1980). Казак мамлекеттик университетин (1978) бүтүргөн. Ленинграддагы Чыгыштаануу институтунда аспирант (1948-51), Казакстан кыздар мамлекеттик педагогика институтунда кафедра башчысы (1951-75), Казакстан ИАнын М. О. Ауэзов атындагы Адабият жана өнөр институтунда директордун орун басары, директор, Казакстан ИАнын окумуштуу секретары (1975-84), вице-президенти (198486), Казакстан Жогорку Кеңешинин депутаты (1985). Фундаменталдуу илимий-изилдөөлөрү казак адабиятынын тарыхы менен теориясына, азыркы адабияттаануудагы жаңычылдык, көркөмдүк, чеберчилик, поэтикалык адабий байланыштар проблемаларына арналган. Абайтаануу, Ауэзовтаануу маселелери боюнча илимий монографияларды жазган. Абайдын толук чыгармалар жыйнагын (1954, 1957, 1970, 1995) даярдоого катышкан. Анын редакциясы астында «Адабияттаануу терминдеринин сөздүгү» (1996) жарык көрдү. «Өлөң сөздүн теориясы» деген монографиясы 1992-жылы Кытайда жарык көргөн. Кыргыз илимпоз кадрларын даярдоодо да зор эмгеги бар. Чыгармалары: Современное развитие и традиции казахской литературы. А.-А. 1978; Поэтика эпопеи «Путь Абая» в свете истории его создания. А.-А., 1984; Романэпопея Мухтара Ауэзова. А. 1997.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1