Ахметсафин Уфа Меңдибай уулу

Википедия дан

Ахметсафин Уфа Меңдибай уулу - (15. 7. 1912-жылы туулган, Түндүк Казакстан облусу, Совет району, 2-айыл), гидрогеолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1947). Казакстан ИАнын академиги (1954), Казакстандын илимге эмгек сиңирген ишмери (1961), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). Орто Азия индустрия институтун бүтүргөн (1935). Казакстан ИАнын Геология институтунун гидрогеология бөлүмүнүн башчысы (1940-64), Казакстан ИАнын Гидрогеология жана гидрофизика институтунун директору (1965). Казакстан гидрогеология мектебине негиз салган. 200дөн ашуун илимий эмгектин автору. Эмгектери Казакстан менен Орто Азиянын чөлдүү аймактарындагы жер астындагы сууну изилдөөгө, гидрогеологиялык прогноздоонун принциптерин негиздөөгө, суу ресурстарын картага түшүрүүгө арналган. Ахметсафин ачкан теориялык негиздер мурда суусуз деп эсептелген аймактарда запасы мол артезиан суу бассейиндерин табууга чоң көмөк көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1