Ацетальдегид

Википедия дан

Ацетальдегид (уксус альдегиди, этаналь), СН3СНО – кескин жытуу, түссүз суюктук, мол. масс. 44,5, балкып эрүү t 123,5оС, кайноо t 20,2о; тыгызд. d420 0,783, күйүү жылуулугу (суюктук), 274,4 ккал/моль, от алуу t 35оС. Суу, спирт, эфир менен бардык көлөмдө аралашат. Касиеттери альдегидге окшош, альдолдук конденсация реакциясына оңой кирет:

2СН3СНО  СН3СН(ОН)-СН2-СНО. Минералдык к-талар катышуусунда суюк тример-паральдегидге (СН3СНО)3 жана кристаллдык тетрамер-метальдегидге (СН3СНО)4 полимерленет. Бул эки полимерди күкүрт к-тасын кошуп ысытканда А. пайда болот. Алуунун ыкмалары: этиленди окистендирүү (катализатор СuСl2/РdСl2); 95оС сымап туздары катышуусунда ацетиленди гидратациялоо (Кучеров реакциясы):

А. уксус к-тас, уксус ангидри, этилацет, хлораль жана башка заттар өндүрүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]