Ачакей-жумакей

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Чүкөлөр.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулардын бирөө кимисинин кезегин аныктоо үчүн, оюнчулардын сакына жараша чүкөмдү колуна алып, аларды жерге чачып ыргытат. Кимдин чүкөсү «айкүр» болуп түшсө, ал баштайт. «Таа» түшкөн чүкөнүн ээсинин кезеги экинчи болот. Калган оюнчулардын кезеги дагы ошентип аныкталат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ар кимдин кезеги аныкталгандан кийин, ойноло башталат, Ыргытылган чүкө «айкүр» болуп түшсө, анын ээси «жумакей» деп бир колунун баш бармагы жана сөөмөйүн жумушат, ал оюнчу 2 упай (очко) алат. Эгерде чүкө «таа» болуп түшсө, анын ээси «жумакей» деп баш бармагын жумат. Эгерде чүкө «чик» же «бөк» болуп түшсө оюндун кезеги, кезектеги оюнчуга өтөт. Манжалардын бардыгы жумулгандан кийин, кайра чыпалактан баштап манжаларды «ачакей» деп түздөй баштап, 10 упай алгыча оюн ойнолот. Биринчи 10 упайды алган адам жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюндун кезегин бузууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, утулган оюнчуларга кайрадан оюнду баштоого болбойт.

Методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны кеп болсо, аларды топторго бөлүп ойнотууга болот, оюн өткөрүлчү жер түз болушу керек.

Педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кол менен кыймылдарды так аткарууга, адеп-ахлактуулукка тарбиялайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]