Ачкалык

Википедия дан

Ачкалык - организмдин тамак-ашты (азыкты) физиологиялык талап кылуусун билдирген сезим. Ачка болгондо карын ооруп, түйүлөт, ооздон «кара суу» келет (өзөк карарат), баш айланып ооруйт, зат алмашуу төмөндөйт. Мындай абал кандын курамында азык заттын азайышы менен мүнөздөлөт. Борбор нерв системасында тамак борбору жайгашкан. Ал ачка жана токчулук борборлоруна бөлүнөт. Ачкалык борборунун козголуусу ачка болуу сезимин, токчулук борбору тамактануу учурунда козголуп, ток болуу сезимин пайда кылат. Бул эки борбордун бири козголгондо, экинчиси тормоздолуп (токтоп) турат. Ушуга байланыштуу ачка же ток болуу сезими кезектешип сезилет. Организмдеги тамак-аштын запасы азайганда, башкача айтканда ачкалыкты кеч сезүү кахексияга (өтө арыктоого), ал эми бат-бат сезүү семируугө алып келет. Денеде топтолгон азыкты сарптоону жөнгө салуу нерв жана эндокрин системаларынын абалына жараша болот. Эгерде ачкалык борбору кеч же такыр тормоздолбосо, киши тойбой, тамакты көп жейт, ал эми тескерисинче ачка болуу борборунун козголуусу басаңдап калса, анда киши тамакты аз жеп, организмдин физиологиялык керектөөсү камсыз болбой калат. Ачка жана ток болууну жөнгө салуу үчүн өз убагында тамактануу, эс алуу жана башка шарттар чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1