Ачкачылык оюндары (роман)

Википедия дан

"Ачкачылык оюндары" (англ. The Hunger Games) — америкалык жазуучу Сүзенн Коллинздин өспүрүмдөрдүн дистопиялык романдар үчилтиги. Окуя "Ачкачылык оюндары" ааламында болуп өтөт жана жаш каармандар Китнисс Эвердин менен Пита Мелларктын окуясына алып барат.

Үчилтиктеги романдардын аталыштары: "Ачкачылык оюндары" (2008), "Өрттү кармоо" (2009) жана "Куудул чымчык" (2010). Романдардын негизинде тасмалар тартылып, "Куудул чымчык" эки бөлүм менен иштелип чыккан. Бул сериядагы алгачкы эки китеп New York Times гезитинин бестселлер тизмесинде орун алган, "Куудул чымчык" болсо жарык көрөөрү менен эле АКШдагы бестселлер тизмесинин башкы сабынан түшкөн эмес. "Ачка оюндар" тасмасы 2012-жылы жарык көргөн убакта басмаканачы "Ачка оюндар" үчилтигинин жана тасмага улай жарык көргөн китептердин 26 миллиондон ашуун нускасы басылып чыгарылганын кабарлаган.

"Ачка оюндар" ааламы бай Капитолий жана 12 кедей аймактан турган Панем өлкөсүндө орун алат. Жыл сайын аймактардан балдар "Ачка оюндар" аттуу сыналгыдан көрсөтүлө турган өлүм жарышына милдеттүү түрдө катышуу катышуу үчүн тандалып алынат.

Романдардын баары жакшы кабыл алынган. 2012-жылдын августунда китептер сериясы NPR радиосу жаш өспүрүмдөрдүн сүйүктүү китептери тууралуу сурамжылоо жүргүзүп, "Өспүрүмдөрдүн 100 романы" тизмесинде "Гарри Поттерден" гана артта калып, 2-сапка жайгашкан. 2012-жылдын 17-августунда Amazon компаниясы жарыялагандай, "Ачка оюндар" үчилтиги "Гарри Поттер" сериясынын койгон рекордун да ашып өтүп, эң көп сатылган китеп болуп калган. 2014-жылга карата бул үчилтик АКШнын өзүндө эле 65 миллиондон ашуун нускада сатылган ("Ачка оюндар" 28 миллиондон ашуун, "Отту кармоо" 19 миллиондон ашуун жана "Куудул чымчык" 18 миллиондон ашык нуска). Ушул күнгө чейин "Ачка оюндар" үчилтиги 56 өлкөдө 51 тилде сатылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]