Ачыкташ, Тоо

Википедия дан

Ачыкташ, ТооЧоң Алай кырка тоосунун түндүк тармагы. Ачыкташ жана Туюксуу сууларынын (Кызылсуунун сол куймалары) аралыгында дого сымал түштүктөн түндүккө 21 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км. Орточо бийиктиги 4500–4700 м, эң бийик жери 5920 м. Тоонун кыры жана Чоң Алай кырка тоосуна тутумдашкан жери мөңгүлүү.

Түндүктү карай жапыздайт. Капталдары кыска, терең капчыгайлуу. Пермь жана триас мезгилдеринин конгломерат, кумдук, гравелит, туф, чополуу сланец тектеринен турат. Кар-мөңгүлүү жана тоо субнивалдык ландшафты басымдуу; альп шалбаасы менен талаа өсүмдүктөрү да кездешет. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]