Ачык-Таш күкүрт кени

Википедия дан

Ачык-Таш күкүрт кени [[Талас району|Талас районунда]] , Талас шаарынан 18 км түндүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1800–2000 м бийиктикте. Жергиликтүү элге илгертеден белгилүү болуп, андан алынган күкүрттөн дары жасашкан. 1945–55-ж. СССРдин химия өнөр жай министрлигинин “Средазгеохимразведка” трести чалгындоо ишин жүргүзгөн. Кен аймагы протерзойдун өтө метаморфизмделген кристаллдуу сланецттеринен түзүлгөн. Кенде колчедандын (пириттин) калыңдыгы 400 м жана узундугу 2 км болгон 2 зонасы бөлүнгөн. Рудада пириттин өлчөмү 30–95%. Кендин рудасы күкүрт кислотасын алууга жарамдуу. Бекитилген күкүрттүн запасы: В категориясы боюнча 493 миң т, С1–1729 миң т, В+ С1–2222 т, С2–976 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]