Ачык-Таш күкүрт колчедан кени

Википедия дан

Ачык-Таш күкүрт колчедан кени - Талас районунда, Талас шаарынан 28 км түндүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1800-2000 м бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү эл илгертен эле кенден алынган күкүрттөн дары жасаган. 1945-55-жылдары СССР химиялык өнөр жай министирлигинин «Средазгеохпмразведка» трести чалгындоо пшпн жүргүзгөн. Кен аймагы протерозойдун өтө метаморфпзмделген кристаллдуу сланецтеринен түзүлгөн. Кенде колчедандын (пириттин) калыңдыгы 400 м жана узундугу 2 км болгон 2 зонасы бөлүнгөн. Кенташта (рудада) пириттин өлчөмү 30-95%. Кенташтан күкүрт кислотасын алууга болот. Бекитилген күкүрттүн запасы: В категориясы боюнча 493 миң о, С1 1729 миң о, С2 - 976 миң о.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1