Ачык билим берүү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ачык билим берүү - академиялык талаптарсыз билим берүү жана адатта ал онлайн түрүндө сунуш кыланат. Ачык билим берүү окууга өткөнгө жана салттуу түрдө формалдык билим берүүнүн системалары сунуш кылган окутууга киргенге мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет. «Ачык билим берүүнүн» тандоосу институттук окутууга негизделген окуу процессине катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоолдук кылган бөгөөттөрдү алып таштаганга жардам кылат. «Ачыкка» тандоо - окуу процессине катышууга укугу бар экенин таанууга жана андагы мүмкүнчүлүктөрдү алууга тоскоолдуктарды алып таштоо үчүн болот. Ачыктыктын же билим берүүнүн «ачык» болушунун аспекттеринин бири ачык билим берүү булактарын иштеп чыгуу жана киргизүү болуп саналат.

Мисалы, окууга кирүү үчүн тоскоолдуктарды четтетүүгө багытталган институттук практика тапшырууга академиялык талаптарды койбойт. Ошондой университеттерге Улуу Британиядагы Ачык Университет жана Атабаска Университети, Томпсон Риверс Университети, Канададагы Ачык Окутуу кирет. Мындай программаларга адатта (бирок сөзсүз эмес) дистанциялык окутуунун программалары, аларга электрондук окутуу, МООС жана OpenCourseWare катышат. Электрондук окутуунун көп программалары акысыз экендигин эске алганда, сертификатты алууга чыгымдар тоскоолдук болуп калышы ыктымал. Көптөгөн ачык окуу жайлар Улуу Британиядагы UKAS жана АКШ дагы ANAB өңдүү уюмдар аккредитациялаган сертификациянын акысыз түзүлүштөрүн сунуш кылышат, ал эми айрымдар төш белгини сунушташат. Окутуунун философиясы

Ачык билим берүү окуучулар окуп жатканда өздөрүн көрсөткүсү келет деген ынаным менен шыктанышат. Алсак, окуу процессине катышкан адамдар окутуунун кандай темалары болот деп сурагылары келет, окуу китептерине гана багытталган билим алуунун ордуна практикалык окуу тажрыйбасына ээ болгулары келет, өздөрүнүн билим боюнча чечимдерине жоопкерчилик алып, билим алуунун эмоционалдуу жана физикалык жактарын сезип, коом менен билим кандайча байланышканын түшүнүп, аларды класста үйрөнүүдө эмнени көңүл борборуна алыш керектигин өздөрү тандай алууну каалайт.

Бул окуучулар окутууну илгерилетип өнүктүрүүгө абдан көп салым жасашат. Группалык чөйрөдө окуу же группалык окууга катышуу ар бир окуучуга пайдалуу. Чогуу группалык эмгек - топтун бардык мүчөлөрүнүн чогуу катышуусунун өсүшү, материалды жакшыраак түшүнүп, сактап калуу, ыктарды үйрөнүү жана окуучуну өз алдынча окуганга түртүп шыктандыру өңдүү артыкчылыктарга ээ. Студенттерди окутуунун ачык окуу борборлорунун философиясы мугалим окутуу боюнча жардамчы гана болуп калганын көрөт. Мугалимдер байкап, багыттап, жана окуучулар үчүн материалдарды берип туруулары керек. Мугалимдер окутуу процессин башкаргандын ордуна жеңилдетип туруусу тийиш. Ачык билим берүү - окуучулардын тандоо эркиндигине жана багытка ээ болушу окутуу сапатынын жогорулашына түрткү болот деп оптимисттик түрдө ишенишет.

Ачык билимге окутуу философиясынын негизин билим берүүнүн жаңыртуучусу Жон Дьюи жана психолог-конструктор Жан Пиаженин эмгектеринен тапса болот.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]