Ачык билим берүү ресурстары

Википедия дан
АББР логосу

Ачык билим берүү ресурстары, АББР (англ. Open Educational Resources, OER) – бул ачык колдонуу үчүн жайгаштырылган же аларды акысыз колдонууга жана үчүнчү тараптардын өзгөртүүлөрүнө уруксат берүүчү ачык лицензиясы менен чыгарылган окутуучулук жана илимий ресурстар [ЮНЕСКО, июль 2002].

Мазмуну боюнча ачык билим берүү ресурстары – мугалимдердин жана студенттердин автордук гонорарга же лицензияга акы төлөбөстөн эркин колдонуулары үчүн жайгаштырылган билим берүүчүлүк маалыматы билдирген жөнөкөй юридикалык түшүнүк.

Ачык лицензиялар санариптик контентти кеӊири колдонуунун натыйжасында, интеллектуалдык эмгекти автордон уруксат сурабастан жеӊил көчүрүүгө жана жалпы колдонуу үчүн эркин таркатууга мүмкүн болгон маалда келип чыкты. Ачык лицензиялар авторлорго өзүнүн жеке автордугун сактап калууга мүмкүндүк берет жана, аны менен бирге эле, өзүнүн чыгармаларын дүйнө жүзүндөгү баардык жактарга чыгарманын авторун белгилөө менен, эркин жана акысыз колдонууга (көчүрүү, таркатуу жана ыӊгайлаштырууга) уруксат берет.

Ачык билим берүүчүлүк ресурстар төмөндөгүлөргө мүмкүндүк берет: • акысыз колдонууга • материалдарды ар түрдүү сактоочу нерселерге жана ар түрдүү форматта көчүрүүгө жана жайылтууга • ыӊгайлаштыруу – туунду материалдарды түзүүгө • кайра иштеп чыгууга, өзгөртүүгө жана бул материалга таянуу менен жаӊы материалды түзүүгө ар түрдүү максаттарда, анын ичинде коммерциялык максатта да колдонууга болот, бирок автордун аты-жөнүн милдеттүү түрдө көрсөтүү керек.

Ачык Билим берүүчү ресурстардын өнүгүшүнүн тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ачык Билим берүүчү Ресурстардын концепциясы 2001-жылы Массачусет Технологиялык Институту акысыз иштелип чыккан окуу материалдарды интернет-пайдалануучулардын эркин пайдалануусуна мүмкүнчүлүк берүүчү Open Course Ware – Ачык Курстарды (MIT OCW) уюштуруу демилгесин көтөрүп чыккан мезгилден баштап иштей баштаган.

2002-жылы Массачусет Технологиялык Институту АБРди түзүү жана жайылтуу боюнча кыймылдын негиздөөчү, алдыңкысы катары MITOCW серверин ишке киргизген. MIT OCW маалыматтары боюнча алардын сайтына ай сайын орто эсеп менен миллион адам кирет, алардын ичинен: 43% - өз алдынча билимин өркүндөтүүчү пайдалануучулар; 42% - студенттер; 9% - окутуучулар; 6% - башка пайдалануучулар.

АББРди өнүктүрүү үчүн себеп болуп максималдуу түрдө мүмкүн болгон адамдардын саны үчүн билимге жеткиликтүүлүк ачуу ниети болуп саналат . Азыркы иштеп жаткан көпчүлүк АБР жогорку окуу жайларда окутуучулар АБРди түзүү менен жаңы билим алууга жана алган билимди таркатууга көмөк көрсөтүп, жогорку билимдин миссиясынын мейкиндигин кеңейтет деген ишеним менен иштеп чыгышкан.

Ачык билим берүүнүн долбоорлору электрондук түйүндө жайгашкан сапаттуу билим берүүчү ресурстар менен акысыз пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет, ошентип, АББРдин жогорку билим берүүдө катышуусунун кенейтилишине жана билим берүүнүн мындан аркы ийгиликтүү алга жылуусуна шексиз түрдө көмөкчү болмокчу. АББРди пайдалануу формалдуу жана формалдуу эмес билим берүүнүн ортосундагы ажырымдыктарды жоюп келүүдө, билимди жайылтуунун радикалдуу жаны жолдорун сунуштайт. бул билимди натыйжалуу пайдалануу жеке инсандардын жана жалпы эле институттардын экономикалык ийгиликтеринин негизги фактору болуп турган мезгилде ишке ашууда.

АББР жайылтуудагы демилгелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1) Ачык билим берүү ресурстарын мектептерде колдонуу

Мектеп окуу китептери – бюджеттик каражаттардын эсебинен иштелип чыккан эӊ масштабдуу жана көп колдонула турган билим берүүчүлүк контенттин бири болуп саналат. Ага карабастан, алардын бардыгы басмаканалардын автордук укуктары менен корголуп, катардагы адамдардын басмакананын макулдугу жок китептерди көчүрүүсүнө жана таркатуусууна тыюу салынат. Өлкө боюнча мектеп окуу китептеринин ар дайым жетишпестиги өз кезегинде билим берүүнүн сапатынын төмөндөшүнө олуттуу таасирин берип келет. Китептерди басып чыгаруу боюнча мамлекеттик заказдарды ишке ашырган басмаканалар кагаздык көчүрмөлөрдүн тираждарын кыскартууга, ушундан улам китептердин санариптик көчүрмөлөрүн жайылтууга жана алардан электрондук же интерактивдик китептерди өнүктүрүүгө кызыкдар эмес. Бүгүнкү күнү интерактивдик китеп бул кагаздагы маалыматтын жөнөкөй гана кайталама көчүрмөсү эмес, ал ар түрдүү видео материалдарды, анимацияны, баалоочу тесттерди жана көнүгүүлөрдү камтыган билим берүүнүн интерактивдик каражаты болуп саналат.

Ачык билим берүү ресурстарын мектепте илгерилетүүнүн башкы максаты – бул бюджеттик жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен иштелип чыккан билим берүүчүлүк материалдардын автордук укуктары мамлекетке тийиштүү эсептелип, аларды акысыз таркатууну, ошондой эле, аларды үчүнчү жактардын эркин колдонуусун камсыз кылган ченемдик-укуктук базаны кабыл алуу болуп эсептелет. Аталган шартта мектептик билим берүүчүлүк маалыматтар эркин болуп, алардын негизинде интерактивдик китептерди, колдонмо-көрсөтмөлөрдү жана мультимедиалык окуу материалдарды түзүүгө болот.

2) Ачык билим берүү ресурстарын ЖОЖдордо жайылтуу

Ачык билим берүү ресурстарын ЖОЖдор арасында илгерилетүү – жогорку билим берүүнүн миссиясынын алкагын кеӊейтет – жаӊы билимдерди алууга жана бар билимдерди жайылтууга көмөк көрсөтөт. Ачык билим берүү ресурстарына карай кыймыл алгач 1990-жылдары так ушул жогорку мектептер арасында пайда болгон, ал эми 2001-жылы дүйнөлүк деӊгээлге жеткен. Бул жылы Массачусетс технологиялык институту (MIT) OpenCourseWare долбоорун ишке киргизип, өз окуу курстарынын материалдарынан эркин колдонууга мүмкүндүк берген.

Сапаттуу курстарын жана материалдарын Интернетте ачык жайгаштырган билим берүү мекемелеринин студенттердин ар түрдүү муктаждыктарын камсыз кылууда, жаӊы студенттерди тартууда жана өз репутацияларын бекемдөөдө көрүнүктүү ийгиликтерге жетишкендиктерин тажрыйба көрсөтүп жатат. Ачык билим берүү ресурстарынан колдонуу мүмкүнчүлүгү өз кезегинде индивидуалдаштырылган жана дистанттык билим берүү технологияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзө тургандыгын да белгилей кетүү керек.

Жогорку окуу жайлар жеке ачык билим берүү ресурстарын түзө алышат, ошондой эле, алардан тышкары да иштелип чыккан ресурстарды колдоно алышат, аны менен бирге эле, окуу материалдарын кайталоого кеткен ички чыгымдарды сезилээрлик түрдө кыскартууга мүмкүн болот.

3) Ачык билим берүү ресурстарын илимий багытта колдонуу

Кыргызстанда илим дээрлик толук түрдө мамлекет тарабынан колдоого алынса да илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары бир катар себептерден улам жабык же кеӊири коомчулук үчүн жеткиликтүү эмес бойдон калууда. Илимпоздор көпчүлүк убакта өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын коммерциялык илимий журналдарда басып чыгарышууда. Өз кезегинде бул басылмаларга мамлекеттик мекемелер – илимий изилдөө институттары, университеттер жана китепканалар жазылышат. Жыйынтыгында изилдөөлөр үчүн акы төлөгөн салык төлөөчүлөр изилдөөнүн жыйынтыктары менен таанышуулары үчүн кайра дагы кайталап төлөшү керек болуп калат.

Ачык билим берүү ресурстарын илимде илгерилетүү кыймылы илим чөйрөсүндө маалымат менен эркин алмашууну камсыздоого багытталган. Ал башка кесипкөйлөргө же жөн гана каалоочуларга баштапкы булакка тикелей кайрылуусуна мүмкүнчүлүк берет. Илимий материалдардан ачык колдонуу изилдөөнүн таасирин жогорулатат, изилдөөнү бир топ натыйжалуу жана эффективдүү кылат.

Ачык билим берүү ресурстарынын жардамы менен дүйнөнүн ар түрдүү жерлеринде жашаган колдонуучулар дүйнөлүк деӊгээлдеги, жогорку сапаттуу илимий ресурстарды колдоно алышат.

Кыргызстанда биринчи кезектеги милдеттер – бул биздин изилдөөчүлөрүбүздүн илимий макалаларын жана илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жайылтуу, аны менен бирге эле, толук тексттүү кандидаттык жана доктордук диссертациялардан ачык колдонуунун эркин онлайн түрүндөгү мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу болуп саналат.