Ачык системалар

Википедия дан

Ачык системалар – чөйрөнүн заттары, о. эле энергия жана импульсу менен алмашуучу термодинамикалык системалар.

Ачык системалардын маанилүү тибине химиялык системалар кирет. Биологиялык системаларды, тирүү организмдерди ачык химиялык система катары кароого болот. Ачык системалардын касиеттери термодинамикалык теңсалмактуулуктун абалына жакындаштырылып каралат. Эгерде ачык системалар термодинамикалык теңсалмактуулуктан аз четтелсе, анда мындай теңсалмактуу эмес абалда да ошол эле теңсалмактуулуктун параметрлери: температура, химиялык потенциал ж. б. менен мүнөздөлөт. Тартипсиздүүлүктүн даражасын да теңсалмактуулуктукундай энтропия менен мүнөздөөгө болот. Термодинамикалык параметрлердин теңсалмактуулук маанисинен четтеши системада энергиянын жана заттардын агымына алып келет. Өзү өтүүчү процесстер системанын энтропиясын көбөйтөт. Термодинамиканын экинчи башталышына ылайык четтетилген туюк системада энтропия көбөйүү менен өзүнүн теңсалмактуу максимум маанисине, ал эми энтропиянын көбөйүшү нөлгө умтулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]