Ачык таштар

Википедия дан

Ачык таштар – кристаллдык абалга оңой өтүүчү изоморфтуу заттар - сульфат туздары кристаллогидраттары, жалпы формуласы:

Me12 SO4.Me(SO4)2 .24H2O же

Me1 SO4.Me(SO4)2 .12H2O (Me1 = Na, K, Rb, Cs, NH4 жана башка Me = AI, V, Cr, Mn, Fe, Co жана башкалар)

Структуралык формуласы:

[Me1 (H2O)6]( SO4)2 [Me</nowiki> (H2O)6]

Кычкыл даамдуу, кадимки шартта турактуу, ысытканда суусун жоготуп, бышкан А. Т. пайда кылат. А.т. суюлтулган эритмелерде толугу менен иондорго ажырайт. Мис.,

KAI(SO4)2 –K+ +AI3+ + SO42-.

А.т-ды бир же үч валенттүү металлдар сульфаттары суудагы ысык эритмелерин аралаштыруудан алынат, Алардын кеңири белгилүүлөрү: а) алюминий- калийлүү K2 SO4  AI2(SO4) 3. 24 H2O- түссүз кристалл; б) хром- калийлүү K2 SO4  C r2(SO4)3 24 H2O – кызгылт түстүү; в) темир – амонийлүү (NH4)2 SO4  Fe2(SO4)3 24H2O – ачык кызгылт түстүү. А.т. тери өңдөөдө, сүрөт ишинде, кездеме боёодо, кагаз жасоодо жана медицинада антисептик катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]