Ачык чечмелөө
Ачык чечмелөө – ченемдикти чечмелөөнүн бир түрү (аутентикалык менен бир катар); мыйзамдык мүнөзгө ээ болот жана ал тапшырылган же улуксат берилген субъекттер тарабынан ишке ашырылат. Алсак, КР Жогорку Cоту мыйзам чыгаруучу орган болуп эсептелбесе да, ченемдик актыларды, а. и. мыйзамдарды (КР Жогорку сотунун Пленумунун түшүндүрмөлөрдү кабыл алуу укугу) чечмелөө укугуна ээ.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|