Ачык эшик саясаты

Википедия дан

Ачык эшик саясаты - Кандайдыр бир мамлекетке зордоп кабыл алдырылган же болбосо бул же тигил мамлекет өз каалоосу менен колдонууга ыраазычылык берген бардык мамлекеттерге бирдей укук жана жеңилдиктерди камсыз кылуу жөнүндөгү саясат.

Буга мисал катары II Дүйнөлүк согуштан мурда Кытай Эл Республикасына карата бир топ башка өлкөлөрдүн ишке ашырган саясатын айтсак болот. Бул мамлекеттер өз ара атаандаштыкты болтурбоого макулдашышкан жана Кытайга карата өз алдынча бийлик жүргүзбөөгө, Кытайдын аймагын бөлбөөгө жана бирдей шарттарда Кытай менен соода- сатык кылууга сөз беришкен. Бул окуяга байланыштуу 1931- жылы АКШ, Англия, Япония, Франция, Италия, Голландия, Белгия, Португалия менен Кытайдын ортосундагы тогуз тараптуу келишимге кол коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9