Аширбеков Дооронбай

Википедия дан

Аширбеков Дооронбай (6.5.1940-ж.т., Ак-Таш айылы) - Кыргыз Республикасынын финансы кызматынын отличниги.

Фрунзе финансы техникумун (1964), Кыргыз мамлекеттик университетинин финансы-кредит факультетин (1974) бүткөн.

  • 1964-69-жылдары Жаны-Жол райондук мамлекеттик камсыздандыруу инспекциясында участкалык инспектор,
  • 1969-70-жылдары Ала-Бука райондук мамлекеттик камсыздандыруу инспекциясында башкы бухгалтер,
  • 1970-74-жылдары Жаңы-Жол райондук финансы бөлүмүндө ага инспектор,
  • 1974-79 киреше ага инспектор,
  • 1979-80-жылдары Ала-Бука райондук мамлекеттик камсыздандыруу инспекциясынын башчысы,
  • 1980-92-жылдары Чаткал райондук финансы бөлүмүнүн башчысы,
  • 1992-95-жылдары райондук экономика комитетинде, андан кийин райондук мамлекеттик администрациясында баалар боюнча инспектор,
  • 1997-98-жылдары райондук борборлоштурулган ооруканасында башкы бухгалтер болуп иштеген.

Медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6