Ашкабак чапмай

Википедия дан

Ашкабак чапмай оюну - кыргыз элдик оюну.

Таза абада күлкү-шыкак менен ойнолуп, кишини баамчылдыкка үйрөтөт. Бул оюнду жекече да жана команда менен да ойноого болот.

Оюндун бардык катышуучулары судья көрсөткөн жерге барып, өздөрүнө келе турган иретти күтүп турушат.

Он беш метрдей аралыкка бийиктиги бир метрдей казык кагылып, анын учуна ашкабак сайылат.

Судья кезектеги кишини өзүнчө чакырат да, алгач ага ашкабак турган жерге чейин кадамдап өлчөө мүмкүнчүлүгүн берет, анан анын колуна бир жарым метрдей таяк карматат, көзүн жоолук менен таңат, аны турган жеринде эки, үч жолу тегеретет да, анан аны ашкабак жакка бет алдырып туруп:

— Алга! — деп, команда берет.

Ал ашкабакка жакын барат да таягын жогорудан темен карай ашкабакка шилтейт. Эгер таягы ашкабакка тийбей калса, анда таяк менен экинчи жолу тап берүүгө же таякты чалгыча шилтөзгө руксат берилбейт.

Эл аны, эч сөз сүйлөбөстөн, тынч гана көрүп турууга тийиш.

Судья ар бир оюнчуну жакшылап карап, алардын кыймыл-аракетин эсепке алып турат.

Колдонулган адабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бектенов Зияш. Кыргыздын элдик оюндары.