Жекшен Ашубаев

Википедия дан
Ашубаев, Жекшен‎»‎ барагынан багытталды)

Жекшен Ашубаев (1912–1943) - жазуучу, акын, драматург. 1912-жылы азыркы Пржевальск районундагы Маман кыштагында туулган.

Ж.Ашубаев 1925–1931-жж. Түп районундагы айыл чарба техникумунда окуп, айылдык советтин төрагасы, «Кочкор», «Орго-чор» совхоздорунда саясий бөлүмдүн начальнигинин комсомол жагынан орунбасары болуп иштейт.

1936–1937-жж. Кара-Кол райондук комсомол комитетинин катчысы жана ЛКЖСнын Кыргызстан обкомунун катчысы болуп кызмат аткарат. 1938-1941-жж. Ж.Ашубаев Кыргыз Эл Комиссарлар Советинин алдындагы Искусство иштери боюнча башкармасынын начальниги, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкаруу аппа-ратында жана «Советтик адабият жана искусство» журналында жооптуу катчы, Чүй райондук эл агартуу бөлүмүндө иштейт.

1940-жылы «Терең кечүү» аттуу повести жарыяланат. Согуштун алдында «Мөмөлөрүм» аттуу пьеса жазган. Хамзанын, Хаким-заденин, Ниязинин, А.Церетелинин, Т.Сатылгановдун жана калмак эпосу «Жангар» чыгармачылыгына арналган публицистикалык макалаларды жазган.

А.С.Пушкиндин жомокторун, М.Ю.Лермонтовдун ырларын жана Н.В.Гогольдун прозаларын кыргыз тилине которгон.

Ж.Ашубаев Н.Чекменев менен бирге кыргыз макалдарын орус тилине которуп, өзүнчө китеп болуп чыккан.

Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 1943-жылы Ростов-на-Дону облусунда Ново-Маныч кыштагында курман болгон.

1949-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Ысык-көл облусундагы Аксуу районуна караштуу Маман айылындагы орто мектепке Жекшен Ашубаевдин аты коюлган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кайырдуу достор: Поэма. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1940. – 32 б.
  • Терең кечүү. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 180 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]