Ашура

Википедия дан

Ашура - 1) алгач Мухаммед тарабынан иудейлерден кабыл алган 10-мухаррам (мусулман календарынын 1-айы) күнүндө орозо тутуу; кийин рамазан айында сөзсүз түрдө орозо тутуу киргизилгенден кийин Ашурада орозо тутуу ар кимдин өз эрки болуп калган. 2) Шиит имамы алХусейин ибн Алинин эскерип аза күтүү күнү. Бул күнү, башкача айтканда 680-жылы 10-октябрда (хижранын 61-жылынын 10-мухаррамасында) Кербелдин алдындагы салгылашууда имам ал-Хусейин, анын бир тууганы Аббас жана 70 жөкөрү кыйнап өлтүрүлгөн. Жыл сайын эскерүү иретинде Иран жана Иракта мечит, медреселерде, жыйындарда ал-Хусейин жана анын курман болгон жакындары тууралуу баяндар окулуп, көчөлөрдө жүрүштөр (катышуучуларынын айрымдары өздөрүн ургулап, денесине залакат келтиришет) өткөрүлөт. Сунниттер бул аза күтүү күнүн шииттерден айырмаланып, тынч өткөрүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1