Ашырбеков Ыманбек

Википедия дан

Ашырбеков Ыманбек (5.5.1933, Айгыр-Жал айылы - 31.12.2011, ошол эле жер) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардактуу атуулу.

A.С.Пушкин атындагы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1954), Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетин (1964) бүткөн. 1954-59-жылдары башталгыч класстын мугалими, 1964-2001-жылдары Чаткал, Айгыр-Жал орто мектептеринде окуу бөлүмүнүн башчысы, директору болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6