Ашыров Абдыбали

Википедия дан

Ашыров Абдыбали Зергер, жыгаччы. 1952-ж. Кадамжай районундагы Тамаша айылында төрөлгөн.

1979-ж. Бишкектеги кесипчилик-техникалык окуу жайын бүтүргөн. Оштогу «Мурас» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Кадамжайдагы бөлүмүндө узанат. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Зергер, комузчу Эргешов Таласбектин таалимин алган. Абдыбали элдик авастык аспаптарды жасайт. Ал кыл кыяк жасоодо жергиликтүү арча, жаңгак, тыт, кызыл жыгач, алма, алмурут жыгачтарын тандайт да, декабрь - январь айларында кыят. Жыл айланганча (бир саратан) көлөкөдө кургатат. Адегенде өлчөп, түспөлүн алат. Көлөмүнө карата чарасын чыгарат. Кыл кыяктын капкагын төө терисинен да, комуз капкагынан да жасайт. Уйдун (айрыкча буканын) терисинен (эки далысынан) да аспаптын капкагын кармайт. Терини челдеп, белгилүү убакытка малмага салууга чылгыйлап түгүн жыдытын, кыргыга алат. Терини колдо иштетүүнүн жолдорун так билген уста ат жабдыктарына да кол тийгизет. Темир комузду кутусу менен жасайт. Мында сары жезди, мисти, болотту жердикке пайдаланат. Уста сары жезди иштетүүдөгү татаал жакхарын (үндү табуунун ички сырларын) туят. Комуздун тилине бураманы (У-7- оолоту) арбын пайдаланат. Тилин этиеттеп сугаруу аркылуу анын термелүүсүн жогорку чекке жеткирет. Катышкан көргөзмөлөрү жана алган сыйлыктары 1990-ж. Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү. Аваздык аспаптары коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0