Аш берүү

Википедия дан

Кыргызда аш-той берүү эң эски, байыркы замандан келе жаткан хан-феодал, бек, бай-манап, кедей, жарды-жалчыны эзип, алардан пайдалануу үчүн кураган зулумдук жолунун бири аш жана той берүү болгон. Алардын аш берүү, той берүүдөн көбүнчө максаттары кедей начарларды эзип, андан пайдаланып, канын сормок. Өз атактарын көтөрмөк үчүн элди талап чоң зыян келтирип чыгымдатмак жана башка феодал бай-манапка мактанчылык көрсөтүп, алардан өз даңкын ашырмак. Аш берүү, той берүү асилинде бүткүл хан, падыша, бай-манаптын баштап чыгарган саясаты болуп, анын качан башталганы тарыхтарда белгисиз. Бир гана кабар — тарыхка караганда мындан нечен миң жылдап мурун жер жүзүнүн далайын алган күн чыгыш элинин гунь калкынан Угузхан деген падышанын той бергени көрүнөт. Кыргызда дагы эң байыртан баштап, анын учу жок хан-феодал, манаптарынын эски замандан баштап, 1917-жылга жете аш-той берип, бечараны талкалап эзип, мал-баш чак келбесе, алардын өздөрүн эриксиз байгеге сайгандыгы анык. Эми алардын кайсы заманда жана ким тарабынан аш бергендигинен, той бергендигинен кабар берейин.

Булак: http://bizdin.kg/elib/kitepter/html/sanjyra/kkt2/section57.html#title76 Archived 2014-03-10 at the Wayback Machine