Аэробус

Википедия дан

Аэробус (аэро ... жана автобус) - жүргүнчүлөрдү ташуучу өтө жайлуу самолёт; Батыш Европадагы самолёт куруучу «Эрбас индастри» консорциуму чыгарган самолёттордун патенттелген аталышы. Алгачкы аэробус (А300) 1972-жылы биринчи учурулган. Аэробустун 21-кылымдагы А380 модели 840 жүргүнчүгө эсептелип, алыска учат. Б. Н. Юрьевдин (1911) иштеринде «Аэробус» термини көп жүргүнчүнү көтөрүүгө жөндөмдүү аэроплан деп биринчи болуп эске алынган. Ошол учурда көп орундуу самолёт жок болгондуктан «Аэробус» термини кеңири таралган эмес. Көп орундуу кең фюзеляждуу Ил-86 жана Ил-96 самолёттору 1972-жылдан аэробус деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1