Аэрограф

Википедия дан

Аэрограф (аэро ... жана ... граф) - кездеменин, кагаздын жана башкалардын бетине кысылган абанын жардамы менен жука катмар кылып боёкту чачыратуучу прибор. Ар кандай өлчөмдөгү жана конструкциядагы аэрограф кездемеге түр түшүрүүдө, театр жасалгаларын жана дубалга тагылуучу чоң форматтуу плакат даярдоодо, сүрөт негативдерин, чыккан сүрөттөрдү боёо менен оңдоо, түзөтүүдө (ретушь жасоодо) колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1