Аэродинамикалык каршылык
Аэродинамикалык каршылык — абада кыймылда болгон нерсеге аракет этүүчү аэродинамикалык күч. Ал нерсенин кинетикалык энергиясынын кайталангыс жылуулук энергиясына өтүшүнөн пайда болот. Аэродинамикалык каршылык - учуучу аппараттын эң негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири. Алардын учуу-техникалык ырааттуулугун, айрым учурда алардын кыймылдаткычынын керектүү тартуу кубаттуулугун аныктайт. Ал нерсенин формасына, өлчөмүнө, кыймыл багытына, кыймыл ылдамдыгына, чөйрөнүн касиеттерине жана абалына көз каранды. Кинетикалык энергиянын чачырашы жана жылуулук энергиясына өтүүсү агымдын куюнга айлануусунан, согуу толкунунун пайда болушунан жана беттердин аэродинамикалык ысышынан келип чыгат. Идеалдык кысылбас суюктукта куюндун жана согуу толкунунун пайда болушу мүмкүн эмес, ошондуктан теорияда аэродинамикалык каршылык пайда болбойт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1