Мазмунга өтүү

Аэродинамикалык коэффициенттер

Википедия дан

Аэродинамикалык коэффициенттер - суюктукта же газда кыймылдаган нерсеге аракет эткен аэродинамикалык күчтү жана моментти мүнөздөөчү өлчөмсүз чоңдуктар. Аэродинамикалык күчтөрдү жана моменттерди өлчөмсүз аэродинамикалык коэффициенттер түрүндө туюнтуу аэродинамикалык изилдөөгө жана эсептөөгө чоң таасир берет, аларды бир топ жөнөкөйлөтөт. Жапыз, үн ылдамдыгынан жай учкан, мах саны М<0,2 барабар чоң учуучу аппараттарда аэродинамикалык коэффициенттер анын формасына жана башкага көз каранды. Жалпы учурда аэродинамикалык коэффициенттер газдардын илээшкектигин, кысылуусун жана жылуулук сыйымдуулугун мүнөздөгөн өлчөмсүз окшоштук ченемдерине көз каранды.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1