Аэродинамикалык түтүк (труба)

Википедия дан

Аэродинамикалык түтүк (труба) - жасалма жол менен алынган аба агымынын учуучу аппараттардын моделдерине тийгизген таасирин изилдөөгө арналган түзүлүш.

Аэродинамикалык түтүктө аба агымы кубаттуу желдеткичтердин жардамы менен пайда болот жана чоң ылдамдыкка жеткирилет. Аэродинамикалык түтүктүн негизги параметрлери: абанын жумушчу агымынын туурасынан кесилиш аянты; жумушчу агымдын ылдамдыгы жана андагы аба басымы. Аэродинамикалык түтүктүн 1-үлгүсүн 1897-ж. Россияда К.Э.Циолковский колдонгон. 1902-ж. Н.Е.Жуковский 9 м/сек ылдамдыктагы аба агымын пайда кылуучу Аэродинамикалык түтүк жасайт. Андан кийин Аэродинамикалык түтүк улам өркүндөтүлөт: анын өлчөмдөрү жана ичине орнотулуучу моделдер чоңойтулат; айлануучу абанын динамикалык басымы көбөйтүлөт; желдеткичтердин кубаттуулугу бир нече жүз миң ат күчүнө жеткирилет. Чоң ылдамдыктардын аэродинамикасында абанын жана аппараттардын ылдамдыктары Мах саны М=ϑ/а чоңдугу менен мүнөдөлөт. Ушул сандын чоңдугуна байланыштуу Аэродинамикалык түтүк негизинен 2 топко бөлүнөт: эгерде М<1 болсо, үнгө чейинки Аэродинамикалык түтүк; эгерде М>1 болсо, үндөн тез Аэродинамикалык түтүк болот. Тышкы жалпы көрүнүшү боюнча Аэродинамикалык түтүк бири бирине окшош болгон менен конструкцияларында принципиалдуу айырмачылыктар бар.

Техниканын өсүшү учуунун ылдамдыктарын улам чоңойтууну талап кылат. Жердин жасалма жандоочулары 1-космос ылдамдыгы 8 км/сек менен учуп жүрөт (мында М>20). Ушундай ылдамдык менен учуучу нерсенин алдында пайда болгон согуу толкунунун артында абанын температурасы 10000К ден чоң болот. Ошондуктан азыркы мезгилде Аэродинамикалык түтүккө жогорку температурага чейин ысытылган газдардын агымы колдонулат. Изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Аэродинамикалык түтүккө түрдүү куралдар пайдаланылат. Мис., аэродинамикалык тараза ж. б. Аэродинамикалык түтүктүн жардамы менен автомобиль, поезд, суу астында жүрүүчү кайыктардын оптималдуу формалары изилденет. Аэродинамикалык түтүк артиллерия менен ракеталык техникада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]