Аэродинамикалык өлчөөлөр

Википедия дан

Аэродинамикалык өлчөөлөр – абанын (же башка газдын) ылдамдыгын, басымын, тыгыздыгын жана температурасын, о. эле абада кыймылдаган катуу нерсенин бетине таасир этүүчү күчтөрдү жана жылуулук агымдарды өлчөө.

Авиация, ракета техникасы, турбина куруу, өнөржай өндүрүшү ж. б. газ динамикасынын алдына койгон көпчүлүк тажрыйба маселелерин чечүү үчүн эксперименттик изилдөөлөрдү талап кылат. Бул изилдөөлөрдөгү эксперименттик түзүлүштөрдө (аэродинамикалык түтүктөрдө жана стенддерде) каралган агым үлгүлөнөт (мис., берилген бийиктикте жана ылдамдыкта самолёттун учушу) жана изилденүүчү үлгүдө ашыкча күч келүү жана жылуулуктун жогорулоосу аныкталат. Моделдөө теориясы талап кылган шарттарды сактоого, модель менен экспериментте алынган натыйжаны чыныгы объектиге которууга мүмкүндүк берет. Эксперименттин маанилүү бөлүгү аэродинамикалык өлчөөлөр анын натыйжасы көпчүлүк убакытта өлчөмсүз аэродинамикалык же жылуулук алмашуу коэффициенттеринин негизги окшоштук критерийлеринин (Мах, Рейнольдс, Прандтль, Нуссельт, Струхал ж. б. сандарынын) көзкаранды катышы түрүндө алынат. Алар ушул түрүндө самолеттун көтөрүү күчүн жана каршылыгын, ракетанын жана космос кемесинин бетинин ысышын ж. б. аныктаганга пайдаланылат. Аэродинамикалык түтүктөрдө аэродинамикалык күчтөрдүн жана моменттердин чоңдугун, багытын жана таасир этүүчү чекитин аныктоо үчүн көпчүлүк учурда аэродинамикалык тараза, манометр, акселерометр колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]